Жоктон көрө жогору! Канча киши сүйүнчү алып, дагы канчасы күтүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековДетская соска на национальной валюте. Архивное фото
Детская соска на национальной валюте. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркай төрөлгөндө 4 миң сом өлчөмүндөгү "балага сүйүнчү" акчаны бүгүнкү күндө 327 үй-бүлө алганын Социалдык коргоо министрлиги кабарлаган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекет тарабынан бир берилчү жөлөк пулду алгачкылардан болуп алган энелер менен байланышып, дагы канча үй-бүлө сүйүнчү акчаны күтүп жатканын билип көрдү.

Сүйүнчү акча алгандар

7-январда көз жарган Кара-Балта шаарынын тургуну Зита Сагыналиева ымыркайына сүйүнчү акчаны биринчилерден болуп алган. Жөлөк пул алуунун жол-жобосун ага төрөтканадан дарыгерлер түшүндүрүп берген.

"Төрөт үйүнөн чыккандан кийин кызыма туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганы шаардагы калкты тейлөө борборуна баргам. Ошол жерден дароо сүйүнчү акчага арыз жазып, эсеп ачтырып койдум. Каражат банктык эсепке түшкөндө жолдошум экөөбүздүн паспортторубуздун көчүрмөсү, кызымдын күбөлүгү жана жашаган жерибизден справка алып барып жөлөк акчаны алдым ", — деди Сагыналиева.

Төрт баланын энеси сүйүнчү акча кичине болсо да керекке жараганын кошумчалады.

Нарын шаарынын айрым тургундары 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирчү Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамга каршы митингге чыгып, ачкачылык жарыялашты - Sputnik Кыргызстан
Нарын: бөбөккө бөлүнгөн акчанын кесилиши кейитип... Жөлөк пул, ачкачылык, нааразылык"
"Улуу балам менен кызым 18 жана 13 жашта. Төрөй албай жүрүп 2016-жылы көз жарып, ага удаа эле бул кызымды жарык дүйнөгө алып келип алдым. Сүйүнчү акча көп болбосо да бир нерсеге тыгынчык болот экен. Кызымдын акчасына эки кичинекейиме кийим-кече, таттуу жана памперс алдык" — деди Сагыналиева.

10-январда уулдуу болгон Бишкек шаарынын тургуну Токтосун Раимкулова ымыркайынын акчасын бүгүн, 22-февралда, барып алган. Буга чейин эки баласына жөлөк пул алып жүргөн эне сүйүнчү пул берилерин социалдык кызматкерлерден уккан.

"16-январда барып сүйүнчү акчага арыз жазып кеткем. Бир жумадан кийин "карточкаңыз даяр болду" деп банктан чалышты. Бирок баламдын кыркы чыга элек болуп өзүм да, ымыркайым да сыркоолоп чыга албай жүргөм. Акча да керек болуп бүгүн чыгынып барып алып келдим. Жоктон көрө жогору да, акчаны алып жатканда аябай толкунданып, сүйүндүм. Азыр баламдын ырыскысын эч нерсеге корото элекпиз, уулума ыроолоп бир нерсе алам", — деди Раимкулова.

Күтүп жаткандар

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматы сүйүнчү акча алуу үчүн ата-эне баласына күбөлүк алып жатканда арыз жазып, банктык эсебин да калкты тейлөө борборлоруна же маалымат киоскилерине берип коюшу керектигин айткан

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, 5-февралдан бери 1700дөй арыз түшкөн.

"5-февралдан 19-февралга чейин сүйүнчү акча алуу үчүн Каттоо кызматына 1700дөн ашуун арыз келип түшкөн. 20-21-22-февралда келген арыздар азырынча эсептеле элек", — деди ал.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева сүйүнчү акча арыз тапшырган соң бир айда которулуп каларын кошумчалады.

"Сүйүнчү пул деле айлык сыяктуу. Эгер ата-эне арызды айдын башында жазып тапшырса, жөлөк пул кийинки айдын 10дорунан кийин түшүп калат", — деди Кадыралиева.

Жыл башынан бери канча ымыркай төрөлдү

Эгиз балдарды көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү жана жөлөк пул качан жана кандай шартта берилет? 7 суроого жооп
Жыл башынан бери Кыргызстанда жалпы канча ымыркай төрөлгөндүгү тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинде так маалымат жок. Анткени алар эсепти үч айда бир жүргүзөт. Министрликтин алдындагы башкы акушер-гинеколог Раиса Асылбашеванын айтымында, бир айда болжол менен 10 миңден ашык ымыркай жарык дүйнөгө келет.

Эл өкүлдөрү Аида Касымалиева менен Карамат Орозова тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "балага жөлөк" жана "үй-бүлөгө көмөк" бөлүмдөрү учурда Жогорку Кеңеш тарабынан кайрадан каралып жатат. Буга себеп Нарын шаарынын тургундарынын нааразычылыгы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0