Келерки дүйшөмбүгө чейин ашуу жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүКар көчкү. Архив
Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Андыктан автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керек.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. 22-февралдан 26-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы эскертти.

Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная-Горка — Ак-Таш, Казарман — Актал-Чат, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жана Каракол — Эңилчек жолдорунун тоолуу аймактарында да кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал.

Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Андыктан автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0