Компьютерби же тукум куучулукпу? Киши эмнеге алысты көрбөй калат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКөз айнекчен адам. Архив
Көз айнекчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тукум кууган "көрбөй калууну" бир гана операция жеңе алса, компьютерден жабыркаган көздөрдү дарылоочу гимнастика аркылуу калыбына келтирсе болот

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Балдардын дээрлик 70 пайызы мектепти бүткүчө эле алысты жакшы көрө албай калышат. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Москва мамлекеттик медициналык окуу жайынын илимий кызматкери Марьяна Кобзованын айтымында, алысты көрбөй калуунун эки себеби бар. Биринчиси — турум куучулук, экинчиси — компьютерди көпкө тиктөө.

"Балага көз оору энеден дагы, атадан дагы өтүшү мүмкүн. Андыктан ата-энесинин бири гана көз айнек тагынса, кийин баласы дагы көздүн азабын тартышы толук ыктымал", — деди Кобзова.

Бирок азыркы учурда көпчүлүк адамдар алысты дээрлик карабай калгандыктан, көз айнек тагынууга мажбур болуп жатканы кошумчаланды.

Көзго операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ: кыздын көзүнөн жаныбарларда кездешкен 14 куртту алып чыгышты
"Жаратылышта адамдын көзү алысты кароого ылайыкташкан. Бирок азыр заманга жараша кичинесинен чоңуна чейин компьютер, смартфон, планшет сыяктуу гаджеттерди карап отурушат. Тагыраагы, алыска көз чаптырууга убактысы жок. Демек көздүн негизги функциясы аткарылбай калгандыктан, ишинде мүчүлүштүктөр пайда болууда. Бара-бара алысты көрүүгө жардам берген булчуңдары начар иштеп калып жатат", — деди дарыгер.

Анын айтымында, тукум кууган "көрбөй калууну" бир гана операция жеңе алса, компьютерден жабыркаган көздөрдү дарылоочу гимнастика аркылуу калыбына келтирсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0