От көзөбөйт, белекке бербейт! Бычакка байланыштуу 7 "болбойт"

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых
Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бычак бул үйдөгү аздек буюмдардын бири. Ансыз нан кесилбейт, мал союлбайт эмеспи.

Элибиз бычактын анты болот деп ага өзгөчө мамиле жасап, ага карата атайын тыюуларды колдонушкан. Алар кайсылар? Sputnik Кыргызстан агенттигине этнопедагог Абдыкерим Муратов айтып берди.

Бычак менен отту көзөбөйт. Отту көзөгөн өзүнчө оокат болот. Анын үстүнө ата-бабалар "от — жандуу" деп айтышчу. Андыктан ага миздүү куралдарды жакындатпаш керек.

Бычак менен казандагы этти сайып чыгарбайт. Казандагы этти гана эмес башка да тамак-ашты бычак менен сайып чыгарган туура эмес. Сайгыч же депкир менен чыгарып, суюгун чөмүч менен куюп алат.

Готовка лепешки в Оше - Sputnik Кыргызстан
Отко байланыштуу 7 "болбойт"
Жакындарга белекке бербейт. Бычакташкан душман болуп калат деп досторго, жакындарга белек катары бычак берилген эмес. Эгер берилип калса ал адам ырымына бир нерсе берип сатып алышы керек.

Кезебейт, тап бербейт. Бычактын анты болот. Оюндан от чыгып кетпеши үчүн обу жок колдонбойт. Бычакты колуна алып жаңсап да сүйлөбөйт.

Кырынан койбойт. Анын мизи мал тилегендиктен малың кырылып калышы мүмкүн деген ишеним жашаган.

Мизинен кармабайт. Мизинен жалабайт дагы, негизи эле оозго салбайт. Ошондой эле мизин өйдө каратпайт.

Бычактын учу менен тамак жебейт. Элде бычак менен тамак жеген адам ачуулуу болуп калат деген түшүнүк бар.

Устукан бөлүштүрүп, эт тартууда эмнелерди эске алыш керек? Билбесеңиз Sputnik агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0