Айдоочусу планшеттен видео көргөн фирманын лицензиясы алынабы? Мэриянын жообу

© Sputnik / Александр Кожохин / Медиабанкка өтүүРабота маршрутных такси в Москве
Работа маршрутных такси в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Восточный экспресс" компаниясына Транспорт инспекциясынын чечими менен 5 миңден 10 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Айдоочусу планшеттен видео көргөн фирмага кандай чара көрүлөөрү эми чечилет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Абдрахим Абдрасилов билдирди.

Эске салсак, 16-февраль күнү кечки саат жетилер чамасында №204 маршрутканын айдоочусу жүргүнчүлөрдүн нааразы болгонуна карабай, рулда бара жатып бир нече мүнөт бою планшеттен видео көргөн

Анын айтымында, учурда Транспорт жана жолдор министрлигине кат даярдалып жатат.

"Жүргүнчү ташыган компаниялардын ишмердүүлүгүнө чара көрүү милдети алардын мойнунда. Мындай катачылык үчүн "Восточный экспресс" компаниясынын лицензиясын алып салбаса керек. Бирок 5-10 миң сом өлчөмүндөгү айып салынышы мүмкүн. Бирок, жумуштан кеткен киши башка фирмаларга айдоочу катары эч качан жумушка орношо албайт. Себеби бардык компанияларга эскертүү жөнөтүлдү", — деди Абдрасилов.

Жеке фирмалардын айдоочуларынын күнөөсү менен болгон жол кырсыгында адам өмүрү кыйылса же ири өлчөмдөгү материалдык чыгым болсо гана жумуш берүүчү лицензиясынан кол жуушу мүмкүн.

Ал эми Транспорт министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак-өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директорунун орун басары Арслан Касымалы уулунун айтымында, бир эреже бузуу үчүн компаниянын лицензиясын алып салуу мүмкүн эмес. 

"Бир эреже бузуу болсо фирмага биз тараптан эскертүү берилет. Экинчи жолу кайталанса, айып салынат. Эгер мындай окуя үчүнчү жолу кайталанса, анын лицензиясын алып салуу боюнча сотко кайрылабыз. Ушундан кийин компанияны эл ташуу укугунан сот гана ажырата алат", — деди Касымалы уулу.

Абдрасилов кошумчалагандай, коомдук тарспорттун айдоочуларын көзөмөлгө алуу үчүн ар бир автобус, троллейбус жана маршруткаларга камера орнотуу пландалып жатат.

Рейд по соблюдению Правил дорожного движения и норм пассажироперевозок маршрутными такси - Sputnik Кыргызстан
Планшеттен видео көрүп бараткан маршрутка айдоочусу иштен алынды
"Көзөмөл камералары салондун ичине айдоочу көрүнүп тургандай ракурста жана сыртына ортонулат. Алгач муниципалдык транспорттон баштайлы деп жатабыз. Азыр камера койгон фирмалар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 1-апрелге чейин пилоттук долбоор катары 50-60тай транспортко камера коюлат. Аны акырындык менен маршруткаларга дагы жеткиребиз", — деди ал.

Маалыматка караганда, жүргүнчү ташыган 42 жеке компания Бишкектин аймагында каттоодон өткөн. Учурда анын 35и иштеп жатат.

Баса, коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан жол эрежеси бузулганын байкасаңыз, мэриянын 0703 777889 номериндеги WhatsApp тобуна даттансаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0