УКМК коомдук жайда кыргызча гана сүйлөөгө ташталган чакырыкты териштирет

© Sputnik / Актан ТемиркановМитинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева в Бишкеке
Митинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда "кандай улут болбосун кыргызча жооп кайтарышыбыз керек", "сатуучу кыргызча сүйлөбөсө ал жерден соода кылуудан баш тартабыз" деген маанидеги чакырык жазылган сүрөт тарап жатат

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактарда коомдук жайларда кыргызча гана сүйлөөгө чакырган маалыматты териштирет. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Депутат парламента Кыргызстана Ирина Карамушкина - Sputnik Кыргызстан
Депутат Ирина Карамушкина кыргыз тилин кантип үйрөнүп жатканын айтып берди
Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда "кандай улут болбосун кыргызча жооп кайтарышыбыз керек", "сатуучу кыргызча сүйлөбөсө ал жерден соода кылуудан баш тартабыз" деген маанидеги чакырык жазылган сүрөт тарап жатат.

Бүгүн айрым жалпыга маалымат каражаттары бул чакырыкты төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр таратып жатканын жана маселени УКМК териштире баштаганын жазып чыгышты. Белгилүү акын ал сүрөттү 18-февралда Facebook баракчасына жүктөгөн.

"Бул мага WhatsApp аркылуу келген. Мен аны колдоп баракчама "Дешти:" деп кош чекит коюп илип койгом. Ансыз деле бул WhatsApp аркылуу тарап жатат. Азырынча мага эч ким чалып же чакырган жок. Бирок бир топ сайттар туура эмес жакка буруп жазып жатышат. Негизи келген бойдон киргизбей, оңдоп-түзөп жазып койсом болмок экен. "Соода кылбай коюш керек деген" жери катуу тийди го деп ойлоп калдым", — деди Жумакадыр.

Ошондой эле ал тилге күйүп жазган бир канча ырлары бар экенин айтып, бөлүшкөн постунун кесепети тиет деп ойлобогонун кошумчалады.

Буга чейин Берлинде бири-бирин түшүнбөгөн эки кыргыз немисче сүйлөшүүгө аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0