Австриялык компания Кыргызстанда оорукана курууга кызыкдар

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки жолугушуу мартта инвестицияны алдыга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттиктин өкүлдөрү менен чогуу болот

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Австриялык Vamed Group компаниясынын өкүлдөрү Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен жолугуп, Бишкектеги шаардык №1 ооруканага 450 кишиге ылайыкталган жаңы стационардык корпус куруу боюнча пикир алышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

"Кыргызстан медицина жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кызматташууга даяр. Министрлик өлкөнүн медицинасын жакшыртууга багытталган бардык аракеттерди колдойт", — деген пикирин Батыралиев айткан.

Кыргыз-түрк достугун даңазалаган оорукана - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-түрк достугун даңазалаган оорукана
Жолугушуунун алкагында алар Бишкектеги шаардык №1 оорукананын иши менен таанышып, башкы дарыгер Нурлан Оморов менен жолугушкан.

"Кийинки жолугушуу мартта инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин өкүлдөрү менен чогуу болот", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Осмоналы Масалиевдин айтымында, компания мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы боюнча оорукана куруу жана башкаруу менен гана алектенет. Vamed Group Түркмөнстанда 18 жылдан берип иштеп келет. Ошондой эле Казакстанда дагы бир катар долбоорлору бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0