15:15 29 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0760
  • RUB1.0427
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкек ТЭЦтеги авария (84)
180 0 0

Бүгүн Бишкек ТЭЦиндеги аварияны иликтеген мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыктоочу жыйыны өттү

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. "Электр станциялары" ААКтын башкы директору Узак Кадырбаев Бишкек ТЭЦинин жетекчилиги күз-кыш мезгилине даярдануу комиссиясына "буу казандар турган имараттын терезелери айнектелди" деп жалган маалымат бергенин айтты. Бул тууралуу ал ТЭЦтеги аварияны иликтеген мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыктоочу жыйынында депутат Экмат Байпакбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Байпакбаев ТЭЦтеги авария болгон цехтен кайсы жетекчи күз-кыш мезгилине даярбыз деген актыга кол коюп бергенин сураган.

"ТЭЦтин электр-механикалык жабдууларды эксплуатациялоо жана оңдоо кызматы күз-кыш мезгилине даяр деп кол коюп берген. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча түзүлгөн атайын комиссия Бишкек ТЭЦ имаратынын терезелерине айнек салынып жана үстү жабылуусу керектигин актыда жазып көрсөткөн. ТЭЦ жетекчилиги булардын бардыгы жасалды деп маалымат берген. Бирок имараттын чатыры гана жабылып, терезелерине айнек салынган эмес", — деди ал.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-январдын кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келген.

Андан кийин Бишкек ТЭЦтиндеги авариянын болжолуу себеби айтылды.

Тема:
Бишкек ТЭЦтеги авария (84)

Тема боюнча

Шадиев: быйылкы жыл үчүн Бишкек ТЭЦин оңдоого 730 млн. сом каралган
ТЭЦтеги авариянын болжолдуу себеби аныкталды
ТЭЦтеги авариянын азабын ким көбүрөөк тартты? Экономисттердин пикири
Белгилер:
кышка даярдык, ТЭЦ, Узак Кадырбаев, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ