Кыргызстанда бир жылда эшектин саны 10 миң башка азайган

© Sputnik / Табылды КадырбековРеабилитационный центр для диких животных в горах близ села Ананьево
Реабилитационный центр для диких животных в горах близ села Ананьево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төө менен коёндун саны да азайган

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 2017-жылы Кыргызстанда эшектин саны 10 миң башка азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Топоздор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Топоз баккан атбашылык миллионер кыз: 28 жашымда атамдын мал-жаны мага өткөн
Мекеменин кызматкерлери айыл-чарба жана мелиорация министрлиги менен бирге малды жана үй канаттууларын каттаган. Анын жыйынтыгы боюнча кой, эчки, чочко, бодо мал, жылкынын саны көбөйгөнү аныкталган. Үй канаттуулары да көбөйүп 5,9 миллионду (былтыр 5,7 миллион болчу) түздү.

Ошол эле учурда төө, коён жана эшектин саны азайган. Анын ичинен эшектердин саны 33 миңди түзгөн. Ал эми 2016-жылы эшектердин саны 43 миң болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0