Каракол: эки бөлмөдө жашаган 11 адам, көздөн учкан үй, өлүмтүгүн артпаган бүлө

© © SputnikКаракол шаарында 9 баласын багып, оорулуу күйөөсүн карап күн кечирген үйбүлөнүн турак жайы
Каракол шаарында 9 баласын багып, оорулуу күйөөсүн карап күн кечирген үйбүлөнүн турак жайы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч керебет, телевизор, меш, бир чоң чара камыр, каршы-терши кеткен электр зымдары гана көзгө көрүнгөн эки бөлмөдө туруп, алардын пейилине, өз күчтөрүнө гана ишенген өжөрлүгүнө ыраазы болосуң

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Каракол шаарында 9 баласын багып, оорулуу күйөөсүн карап күн кечирген 43 жаштагы Махабат Нурмухаммедова аттуу аялдын турмушу, кайраты, эмгекчилдиги, жашоого болгон оптимистик көз карашы биздин коомдогу көп кишиге сабак болор.

© © SputnikМахабат менен жолдошу Кудайберген 9 балалуу
Условия жизни многодетной семьи Нурмухаммедовых из Каракола - Sputnik Кыргызстан
Махабат менен жолдошу Кудайберген 9 балалуу

Махабат менен жолдошу Кудайберген 9 балалуу. Улуусу 23тө, андан кийинкиси 20да, ошентип эки жаштан айырмаланып олтуруп, кичүүсү 4,5 жашка чыккан. Эки кыз, жети эркек.

Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал - Sputnik Кыргызстан
Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал
Экөө баш кошуп, Караколдо батирлеп сегиз жыл жашашкан. 2008-жылы ичпей-жебей акча чогултуп жүрүп жер алып, алгач чатыр тигип, ошондо туруп калышат. Кыялданган түгөйлөр жер алгандан кийин үйдүн пайдубалын куюуга цементке акча жок, эмне кыларын билбей калышат. Союз убагында таштанды менен толтурулган бир чоң чуңкурду тазалап, огород кылып алалы деп таштандыларды чыгара баштаса арасынан темир, жез чыгат. Аны сатып, андан түшкөн акчага цемент алышат. Алардын чатырдагы жашоосун көргөн Анвар деген адам топурак түшүрүп берип, дагы бир Койсун аттуу аял баласын кошуп берип, ылайдан кирпич куюшат. Анан эки бөлмөлүү үйдү тургузушкан.

© © SputnikБул бүлөгө бир айга төрт мүшөк ун, бир кышка 20 мүшөктөн ашык картошка кетет. Жерине карагат, малина, сабиз, пияз, ашкабак кенен айдап алышкан
Условия жизни многодетной семьи Нурмухаммедовых из Каракола - Sputnik Кыргызстан
Бул бүлөгө бир айга төрт мүшөк ун, бир кышка 20 мүшөктөн ашык картошка кетет. Жерине карагат, малина, сабиз, пияз, ашкабак кенен айдап алышкан

Махабат эч жерде иштеген эмес, турмушка чыгып, төрөп, балдарын багуу, тарбиялоо менен алек. Жолдошу Кудайберген Нурмухаммедов мурда соода-сатык менен алектенчү. 1995-жылы бөйрөгүнөн операция болуп, кара жумуш жасаганга жарабай калган, I топтогу майып.

Бул бүлө алгач же жарык, же суу жок тактайсыз үйдө күн көрдү. Кошуналар битир-садагадан чогулткан 5000 сомду мечитке эмес, буларга берет. Ал акчага эшек, кийин араба алып, кээде жүк ташып, эң улуу баласы пилорамадан алып келген тактайчадан жарган отунун сатып каражат тапты. Кийин эптеп акча чогултуп, кой алып, аны семиртип сатып, кайра кой алып акча табууга аракет кылышты. Бирок канча жанталашып аракет кылба, 9 баланы тойгузуу, кийинтүү оңой эмес…

Бул бүлөгө бир айга төрт мүшөк ун, бир кышка 20 мүшөктөн ашык картошка кетет. Жерине карагат, малина, сабиз, пияз, ашкабак кенен айдап алышкан.

9 кишинин жүгүн сүйрөгөн эки бала

"Мамлекет бутуна тура албай жатса, андан кантап жардам күтөм? Кыргызстан өнүгүп кетсе, балдарыбыз бизден жакшы жашаса экен деп тилейм", — дейт баатыр эне. Бул аялдын айтканын угуп, жакшы жашоосуна нааразы болуп, күнүнө беш маал өкмөт менен президентти, ал аз келсе, депутаттарды, акыры барып айыл өкмөттү сөгүп отурган кай бир тааныштар эске түшөт.

Строительство дома из железных контейнеров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Темир үйдө жашагың келеби? Контейнерден там куруу Кыргызстанда канча турат
Үй-бүлөнүн улуусу Акбар 4-классты бүткөн боюнча окубай калды. Там салып, түйшүк басты, аскердик кызматты альтернативдүү өтөдү. Азыр дагы отун сатып акча таап, бөбөктөрүн багып келет.

Экинчи уулу Данияр мектепти аяктап, Караколдогу №14 кесиптик лицейде жыгач уста кесибин окуп алды. Айдоочулук күбөлүк алып, бир фирмага айдоочу болуп кирип, агасына кол кабыш кылып жаткан экен. Ата-энесине тирек болгон ушул экөө. Калгандары мектепте, окуудан калбайт, жакшы окушат.

© © SputnikМахабат буга чейин жети балага бардыгы болуп 4 миң 900 сом жөлөк пул алчу. Былтыр апрелден баштап ал да колуна тийбей калды
Условия жизни многодетной семьи Нурмухаммедовых из Каракола - Sputnik Кыргызстан
Махабат буга чейин жети балага бардыгы болуп 4 миң 900 сом жөлөк пул алчу. Былтыр апрелден баштап ал да колуна тийбей калды

Махабат буга чейин жети балага бардыгы болуп 4 миң 900 сом жөлөк пул алчу. Былтыр апрелден баштап ал да колуна тийбей калды. Себеби көп жылдан бери жөлөк пул аласыңар деп, каражат берүүдөн баш тартышкан экен.

Көздөн учкан жаңы үй

Случаи семейного насилия - Sputnik Кыргызстан
Укук коргоочу Асылбекова: күйөөсүнүн көзүнчө кордолгон келиндин тагдыры белгисиз
Азыр алар короого алты жыл мурда салып баштаган жаңы үйдү бүтүрсөк дегенде ак эткенден так этет. Деген менен үйдү алар жети жылдан бери салып келишет. Канча жылдан бери шарты жок эки бөлмөдө 11 адам жашоодо….Үч керебет, телевизор, меш, бир чоң чара камыр, каршы-терши кеткен электр зымдары гана көзгө көрүнгөн эки бөлмөдө туруп, алардын пейилине, өз күчтөрүнө гана ишенген өжөрлүгүнө ыраазы болосуң.

Учурда бул үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү жаңы үйгө кирүүнү кыялданат. Жаз келсе, музоо кезинде алган торпокту кайра сатып, дагы кичине музоо алып, башын сактап, калган акчага бир аз сом карыздаса да, жаңы үйгө батарея алсак деп турушат. Үйдүн эшик-терезесин алар тактайдын калдыгын кургатып, жасап алышкан.

© © SputnikУчурда бул үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү жаңы үйгө кирүүнү кыялданат
Условия жизни многодетной семьи Нурмухаммедовых из Каракола - Sputnik Кыргызстан
Учурда бул үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү жаңы үйгө кирүүнү кыялданат

"Жети жаштагы балабыз Арстанбек эпилепсия менен ооруйт. Эки баламдын тапканы тамак, кийим, отун-суудан ашпайт. Азыр жолдошумдун бир бөйрөгүн кайра операция кылуу керек экен. Уулум менен күйөөмдү Бишкекке дарыгерге көргөзүп келгенге каражат таппай жатабыз. Үйдү салып баштаган менен качан бүтөбүз билбейм. Архитектурадан документин жасатканга да акча каражат жетпей жатат. Аны алалы десек, балдардын кийим-кечеси жыртылат", — деди Нурмухаммедова.

Ар кимдин ар кыялы бар, бирок биздин бул материалдын каарманы болгон 11 кишинин кыялы — жерпайын түптөп алган үйүн бүтүрүү.

Кыргызстанда учурда үй куруунун түрлөрү бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги темирден үй куруунун жол-жобосун жана болжолдуу баасын иликтеп көрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0