22:42 10 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Коом
Кыскача шилтеме алуу
16520

Конкурс айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынан курулуш, курулуш материалдары багытында болмокчу.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 2018-жыл үчүн инновациялык мыкты долбоордун сынагын жарыялады. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Конкурс айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика жана энергиянын кайра жаңыланма булактары, маалыматтык жана санариптик технологиялар, өнөр жай, курулуш, курулуш материалдары багытында болмокчу.

Сынак келечектүү инновациялык долбоорлорду аныктоо, республикада инновациялык ишмердүүлүктү активдештирүү, долбоорлорду ички жана тышкы рынокко чыгарууга көмөктөшүү максатында өткөрүлүүдө.

Конкурска идеянын ээси же иштеп чыгуучулары болгон, алардын коммерциялык ишке ашуусуна кызыкдар жана колдонуудагы коргоо документи (патент, күбөлүк) бар жеке жана юридикалык жактар катыша алары маалымдалган.

Ар бир конкурстук долбоорго бекитилген үлгүдөгү арызы тиркелиши керек. Ал 2018-жылдын 1-июнуна чейин электрондук жана кагаз түрүндө Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62 дареги жана konkurs@patent.kg электрондук дареги боюнча кабыл алынары айтылган.

Кененирээк маалыматты 68-16-01 телефонунан алууга болот.

Маалымат кызматы жеңүүчүлөрүнө инновациялык долбоорду ишке ашырууга гранттар сунушталарын, жеңүүчүлөрдүн саны жана гранттын суммасы долбоорлордун керектөөсүн жана конкурстун жыйынтыктарын эске алуу менен аныкталарын да билдирген.

Кыргызстандын өспүрүм ойлоп табуучулардан да уучу кур эмес. Балдардын бир катары акыр-чикир тазалоочу, бир катарлары кар тазалоочу унааларды түзүп чыгууга аракеттенген.

Тема боюнча

Кыргызпатент инновациялык технопарк түзүүнү пландап жатат
Айтматовдун чыгармалары боюнча балдардын сүрөт сынагы старт алды
Белгилер:
долбоорлор, конкурс, Кыргызпатент

ЭҢ МААНИЛҮҮ