Март айында "Таза жашоо" өнөктүгү ишке кирет. Негизги максаты кандай?

© Sputnik / Табылды КадырбековПовседневная жизнь в Нарынской области
Повседневная жизнь в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кампаниянын алкагында жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор курулуп, айлана-чөйрө жашылдандырылат

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстанда "Таза жашоо" улуттук кампаниясы ишке кирет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Проверка частных бань в общественных местах Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Желим жана башка зыяндуу заттарды жаккан мончолор текшерилүүдө
Билдирмеге караганда, программа 1-марттан 31-майга чейин созулат. Анын негизги максаты айылдык жана шаардык объектилердин санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана өлкөнүн бардык аймактарын көрктөндүрүп, иретке келтирүү болуп саналат.

Ошондой эле айлана-чөйрө иретке келтирилип, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор курулат.

Мындан тышкары, суу чыгаруу, рекультивация, унаа токтотуучу жайларды куруу, имараттарды, балдар аянттарын сырдап-түзөө сыяктуу иштер аткарылат.

Кампания тематикалык көргөзмө, инсталляция, музыкалык иш-чаралар жана көркөм сынактар менен коштолуп, ага өлкөнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдары катышат.

"Таза жашоо" кампаниясынын алкагында төмөнкү сынактардын өткөрүлүшү каралууда:

"Эң таза аймак";

"Экологиялык жоопкер маморган";

"Экологиялык жактан жоопкер коомдук уюм/кыймыл";

"Тематикалык мобилдик тиркемени иштеп чыгууга мыкты идея".

Аталган сынактар боюнча Байге фонду кампаниянын уюштуруу комитети тарабынан аныкталат.

Кампаниянын расмий хештеги — #тазажашоо (#tazajashoo).

Жаңылыктар түрмөгү
0