Ажыга барчу зыяратчыларды каттоо жума күнү аяктайт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники во время хаджа в Саудовской Аравии
Паломники во время хаджа в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабы тарабынан кабыл алынган

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Быйыл зыяратчыларды ажылыкка каттоо жума күнү, 16-февралда, саат 17:00дө аяктай турганын муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай аракеттер ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын 13-февралдагы отурумунда кабыл алынган чечимине ылайык жасалууда.

"16-февралда кечки саат 17:00дө РСК банкына 500 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сомду кабыл алуу өлкө аймагы боюнча токтотулат", — деп айтылат маалыматта.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Муфтий ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын мүчөлөрү менен жолукту
Ал эми жогорудагы каражаттарды өз учурунда төлөгөн жарандарды ажылык серверине каттоо иштери 23-февралда кечки саат 17:00гө чейин улантылат.

Быйыл зыяратчыларды ажылыкка Сауд Аравиянын Flynas авиакомпаниясы ташыйт.

Сауд Аравия Кыргызстан үчүн жалпысынан 5400 квота бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0