"Балага сүйүнчү" пулду 327 үй-бүлө алды

© AFP / FRED DUFOURЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйүнчүнү алуу үчүн жарандык абалды каттоо бөлүмдөрүнө жана калкты тейлөө борборлоруна арыз жазуу керек

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Ымыркай төрөлгөндө 4 миң сом өлчөмүндө бир берилчү "балага сүйүнчүнү" 327 үй-бүлө алганын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйүнчү акчаны алуу үчүн жарандык абалды каттоо бөлүмдөрүнө (ЗАГС — ред.) жана калкты тейлөө борборлоруна арыз жазуу керек. Акча Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук системасы аркылуу шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына которулат.

Бир жолу берилчү "балага сүйүнчүнү" алуу үчүн керектүү документтер:

1. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

2. Ата-эненин паспорттору;

3. Жашаган жеринен справка.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жаңы төрөлгөн бардык ымыркайлар үчүн сүйүнчү акча бериле баштады
Ал эми көп балалуу үй-бүлөлөргө берилчү жөлөк пул тууралуу жаңы мыйзам иштелип чыгып, коомдук талкуу үчүн өкмөттүн сайтына жайгаштырылган. Коомдук талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору толукталып 2018-жылдын апрель айынан тарта күчүнө кирет. Ага чейин көп балалуу үй-бүлөлөр жөлөк пулду эски эрежелер боюнча алып турат.

Эскерте кетсек, 1-январдан тарта күчүнө кире турган мыйзам долбоорун коомчулуктун нааразычылыгынан кийин кайра карап чыгуу тапшырылган.

Сүйүнчү алуунун жол-жобосун буга чейин да министрлик айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0