Эки жума калды. Салык декларациясын кимдер канчасына чейин тапшыруусу кажет

© Фото / пресс-служба ГНСРабота ГНС в Бишкеке
Работа ГНС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юридикалык жактар декларациясын 1-мартка чейин тапшырышы керек болсо, жеке тараптар 1-апрелге чейин бериши зарыл.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2018-жылдын 13-февралына карата 43 миң 773 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырган.

Анын ичинде 8 миң 474 уюм-мекеме, 28 миң 166 жеке ишкер, 5 461 жеке тарап жана 53 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар. Ошондой эле салык төлөнбөй турган кирешеси жок 1619 жеке тарап тапшырган.

"Юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке тараптар 1-апрелге чейин былтыр тапкан кирешеси, экономикалык ишмердиги, мүлктөрү жана жер тилкелери боюнча маалыматтарды салык органдарына бериши керек", — деп айтылат маалыматта.

1-мартка чейин ата мекендик уюмдар, дыйкан чарбалар жана Кыргызстанда ишмердигин жүргүзүп туруктуу мекемеси бар чет элдик уюмдар бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусу кажет.

Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жан сактаткан бодо мал, стипендия жана эски "Жигули". Министрлердин кирешеси
Ал эми 1-апрелге чейин малмекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен ишмердик жүргүзгөндөр, жеке тараптар (салык төлөнүүчү кыймылдуу мүлкү (транспорт), кыймылсыз мүлкү, жер тилкеси барлар) жана дыйкан чарбалары менен фермерлердер бирдиктүү салык декларациясы кабыл алынат.

Декларацияны убагында тапшырбаган жеке жактарга 2 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом административдик айып салынат.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков менен анын жакындары 2016-жылы канча киреше тапкан

Жаңылыктар түрмөгү
0