Менин кызым менен эмне ишиң бар?! Кошуна кыжырды кайнатканда

Жазылуу
"Кошунаң жакшы болсо бир туугандан артык" деген сөз бар эмеспи. Киришип-чыгышып, жамандык-жакшылыкта жөлөк-таяк болуп турганга не жетсин. Бирок кыжырды кайнаткан кошуналар да четтен чыгаары баарыбызга маалым.

Кошуна кайсы учурда жинге тиерин Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмектеп көрдү.

Бети калыңдар. Кошунанын короосуна чөп ыргытпа деген сөз бар. Бирок кээ бири корооңо чөп эмес, таштандыдан тарта темир-тезегине чейин жыйнап салат. Бирдеме десең, кызарып койбойт, кайра өзүңдү беттен алат.

Ушакчы, кулак түргүчтөр. "Ай, бул кошуна үйүнө мындай оокат алыптыр, кызы келиптир, келини кетиптир…" Кошунасынын үйүндө болуп жаткан жаңылыктын бирин өткөрбөй байкап, аңдып тургандар бар. Кылаарга ишиң жокпу?

Церемония массового бракосочетания 50 молодежных пар - Sputnik Кыргызстан
Көктөн түшө калсаң да... Күйөө балдар кыжырды кайнатканда
Тынчтык бербегендер. Булар күндүз тынчтык бербейт же түнү уктабайт. Шаан-шөкөтү да бүтпөйт, шарактаган достору да кетпейт. Көп кабатуу үйлөрдө эс алуу күндөрү каңкылдатып ремонт кылгандарды айтпаңыз. Эки жакта эл жашайт дегенди билбей ажылдашып урушкан кошуналар да аман болсун.

Малына ээ боло албагандар. Айылда тоок, эчки, уйдун айынан кошуна-колоң ортосунда далай ызы-чуу болот. Короосуна, огородуна кирип кеткен малдан улам урушуп эле жатышат.

Керсейгендер. Кошуна болгондон кийин киришип-чыгышып, ал-жай сурашып турган жакшы да. Жок. Көктөн түшө калгансып керсейип, берген саламыңа да араң жооп бергендер бергендер бар.

Сараңдар. Бир көчөдө же бир подъездде жашагандар чогулуп ремонт, көчө же короо тазалаганга акча чыгарса болсо да бергиси келбей зыкымдангандар бар. Жок болсо бир жөн. Ой тобо!..

Буга чейин кошуна менен көп баарлашуу адамга канчалык пайдалуу экенин окумуштуулар иликтеп чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0