ТЭЦтеги авариядан кийин Ибраимов кызматтан кетүүгө даярбы? Мэрдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун архивдик сүрөтү
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Январь айынын акырында болгон авария көптөгөн шаар тургундарын катуу суукта жылуулуксуз калтырган

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги аварияга тиешем болсо отставкага кетмекмин. Бул туууралуу калаа мэри Албек Ибраимов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Январь айынын аягында болгон авария көптөгөн шаар тургундарын катуу суукта жылуулуксуз калтырган.

"Эгер бул зона менин жоопкерчилигимде болгондо өлкө жетекчилиги мени отставкага кетирмек. Көп кабаттуу үйлөрдүн 85 пайызын жылуулук менен камсыздаган Бишкек ТЭЦ менен "Бишкекжылуллук тармагы" Улуттук энергетикалык холдингге карайт. Биз калаанын 15 пайыз курулушуна жылуулук берген ишкана үчүн жооп беребиз. Бирок ал үзгүлтүксүз ишин алып барды да", — деди мэр.

Ибраимов өз сөзүндө дагы бир ирет мэрия объектилердеги аварияларга жооп бербей турганын белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0