Мэр Албек Ибраимов быйыл канча жол оңдолорун айтты

Жазылуу
Бишкекте жол боюнча ири эки долбоор иштелип жатат. Ага ондогон жолдор камтылган

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Быйыл борбор калаанын ондогон жолдору оңдолот. Бул тууралуу мэр Албек Ибраимов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, былтыр жолдорду оңдоо боюнча биринчи долбоордун фазасында иштер аткарыла баштаган. Ага узундугу 95 чакырымды түзгөн 49 көчө кирген.

"Быйыл болсо 1-фаза боюнча иштер соңуна чыгат. Ошондой эле ушул эле жылы 2-фаза боюнча дагы иштер башталып узундугу 146 чакырымга жеткен 60 көчөнүн жолдору оңдолот", — деди мэр.

Негизги иштер окуучулар менен студенттер каникулга тараган мезгилге туура келерин Ибраимов белгиледи.

Мындан тышкары, 23 көчөнү кытай грантынын эсебинен оңдоо пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0