Сапар Исаков өлкөдө жашоо оңолуп жатканын айтты

Жазылуу
Өкмөт башчы ички миграция боюнча өз оюн билдирген

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Өлкө тургундарынын жашоосу оңолуп жатканын премьер-министр Сапар Исаков Бишкек мэриясынын коллегиясында айтты.

Анын айтымында, борбор калаа элдин көбүн өзүнө тарткандыктан бул жакта миллиондой киши жашайт.

"Көп жарандарыбыз аймактардан борбор калаага көчүп келип, жер, батир алышууда. Бул жашоо оңолуп жатканынан кабар берет", — деди өкмөт башчы.

Ал ошондой эле таза, жашыл жана жагымдуу борбор калаада жашагысы келерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0