Депутаттарга онлайн-режимде кайрылуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Жазылуу
Жаңыланган расмий сайттан депутаттын ишмердүүлүгү, демилгеленген мыйзам долбоору менен таанышуудан тышкары эл өкүлдөрүнө жеке баракчасы аркылуу түздөн-түз байланышууга шарт түзүлдү.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин расмий сайты аркылуу депутаттар менен түз байланышып, онлайн-режимде кайрылууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жаңылаган сайттын бет ачарына эл өкүлдөрү Алтынай Өмүрбекова, Аида Касымалиева, Рыскелди Момбеков, Акылбек Жамангулов, парламенттин аппарат кызматкерлери, сайтты иштеп чыккандар жана журналисттер катышкан.

"Жаңы иштелип чыккан сайттан депутаттын ишмердүүлүгү, демилгеленген мыйзам долбоору менен таанышуудан тышкары эл өкүлдөрүнө жеке баракчасы аркылуу түз байланышууга шарт түзүлдү. Бул парламенттин ачык-айкындуулугун көрсөтмөкчү", — деп жазылат билдирүүдө.

Эл өкүлдөрү өз кезегинде жасалган иштери үчүн аппарат кызматкерлерине жана сайтты иштеп чыккандарга ыраазычылык билдирип, парламенттик-демократиялык багытта өнүгүү үчүн жасалган чоң кадам катары баа беришкен.

Буга чейин министрликтердин сайттары кандай иштей турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков иликтеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0