Холераны кантип жуктуруп албоо керек? Министрликтен кеңеш

Жазылуу
Ведомство жарандарды чет өлкөлөргө чыкканда этият болуп, өздүк гигиенаны сактоого чакырат

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. 2017-жылы холера оорусу 24 мамлекетте катталып, дартка кабылгандардын саны 2,9 миллион адамга жеткен. Анын кесепетинен жыл сайын 100 миң адам өмүрү менен кош айтышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, холера оорусуна кабылган адамдар менен байланышта болгон жарандар Кыргызстанга келген учурлар кездешкен.

Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көз көрбөй, кулак укпай, акылдан тайып каласың... Дарыгер менингит тууралуу
Учакта учканда жана кооптуу мамлекеттерге барганда холера оорусун жуктуруп албаш үчүн Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайт.

Күмөн санаткан жерден суу ичип же жашылча-жемиштерди жууганга болбойт;

Суусундуктарды муздатуу үчүн муздарды колдонбоңуз;

Эс алуу жайларындагы көлгө түшүп жатып суу менен оозду чайкап же жутпаш керек (айрыкча ачка болуп турганда);

Өз алдыңызча көл, океан, дарыядан суудагы жандыктарды уулабаңыз;

Быша элек жана термиттик жол менен жакшы иштетилбеген деңиз жандыктарын жебеңиз;

Жолдо отурган сатуучулардан алынган мөмө-жемиш, азыктардан баш тартыңыз;

Лимон кислотасы кошулган суусундуктарды ичиңиз;

Балдар үчүн жасалган буламыктарга кайнаган суу кошулушу керек;

Коомдук транспортторго түшкөндөн кийин колуңузду самындап жууңуз. Ошондой эле курамында спирти бар салфеткаларды дагы колдонсоңуз болот;

Холера менен ооруган адам менен байланышта болгондор тез арада лабораториялык текшерүүдөн өтүшү зарыл (ич өтүү — оорунун биринчи белгиси);

Медициналык камсыздандыруу кагазында көрсөтүлгөн номерге же Тез жардам кызматына чалыңыз;

Медицина кызматкерин мейманканага чакырып, оорунун белгилери тууралуу алдын ала кабарлаңыз;

Өзүңүздү өзүңүз дарылабаңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0