Жылуулуктун акчасы 5 күндү кыскартканга карабай айрым шаардыктарга эки эсе көп чыкты

© Sputnik / Жоомарт УраимовПовышение тарифов на отопление в КР
Повышение тарифов на отопление в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук энергохолдингден бишкектиктер жылуулук үчүн январдын беш жана февралдын эки күнү үчүн акча төлөбөй турганын билдирген

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым тургундары жылуулук үчүн январь айында беш күндүн акчасы алынбайт дегенине карабай, мурдагы айларга салыштырмалуу көбүрөөк эсеп чыгып келгенин айтышууда. Мындай даттанууларын калаанын тургундары Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram тиркемесиндеги "Бишкек сегодня" тобуна жазышкан. 

© © фото, отправленное по Telegram-каналуАйрым бишкектиктер январь айына келген квитанциядагы суммага таң калып жатышат
Квитанция за теплоэнергию в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Айрым бишкектиктер январь айына келген квитанциядагы суммага таң калып жатышат

Эске салсак, Улуттук энергохолдингден бишкектиктер жылуулук үчүн январдын беш жана февралдын эки күнү үчүн акча төлөбөй турганын билдиришкен.

"Өткөн жылдын декабрь айына 712 сом 96 тыйын төлөгөм. Январь айына болсо беш күндү эсептебегенине карабай 1541 сом чыгып келди", — деди окурмандардын бири.

© © фото, отправленное по Telegram-каналуОкурман декабрь айында жылуулук үчүн эки эсе аз акча төлөгөнүн айтат
Квитанция за теплоэнергию в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Окурман декабрь айында жылуулук үчүн эки эсе аз акча төлөгөнүн айтат
Эмне себептен төлөмдөрдө мындай айырмачылыктар болуп калганын билүү үчүн "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасынын маалымат катчысы Канышай Дүйшөнбековага кайрылдык.

"Январь айындагы жылуулукка төлөмдөр беш күндүн акчасын алып салуу менен эсептелип бүттү. Учурда контролерлор квитанцияларды абоненттерге жеткирип берип жатышат. Беш күндүк төлөмдөр жылуулук жана ысык суу үчүн алып салынды. Ал эми "Бишкекжылуулутармагынан" жылуулукту буу менен алгандар акысын бир айга толугу менен төлөйт. Адатта жылуулукту буу түрүндө мончолор алат", — деди Дүйшөнбекова.

Үйдөгү жылуулукту кантип сактоо керек - Sputnik Кыргызстан
Жөнөкөй жол менен турак жайды кантип жылууласа болот. Жарандарга керектүү кеңеш
Ошондой эле ал январь айындагы жылуулук акысы декабрь айыныкынан эки эсе көп чыкпашы керек деген оюн кошумчалады.

Маалымат катчы январь айында жылуулук үчүн чыгып келген суммадан күмөн санагандар квитанцияда көрсөтүлгөн 19-80 кыска номуруна же 0312 61 11 69 шаардык номуруна чалып, өз төлөмүнүн суммасын дагы бир жолу тактап алууну сунуштайт.

Кошумчалай кетсек, премьер-министр Сапар Исаков энергетика тармагында реформа жүргүзүү максатында жылуулук жана электр энергиясынын тарифтерин жогорулатуу керектигин айткан. энергетика тармагындагы адистер тарифтерди көтөрүүнүн күңгөй-тескейин айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0