Кыргызстанда орус тилдүү мектептерге барган окуучулардын саны эмнеге өсүп жатат

Жазылуу
Кудайберди Кожобеков расмий тилдин Кыргызстандагы ролу жөнүндө айтып берди

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков "Кыргызстандын маалыматтык-коммуникациялык айдыңындагы орус тилинин ролу" аттуу тегерек стол учурунда кыргызстандыктар эмне себептен балдарын орус тилдүү мектептерге бергилери келерин айтып берди.

Анын пикиринде, орус тилдүү мектептерде билим берүүнүн деңгээли жогору болгондуктан окуучулардын агымы күчөп жатат.

"Орус тилдүү мектептерде математика сыяктуу так предметтер мыкты деңгээлде өтүлөт. Ошондуктан орус тилдүү мектептерге барган окуучулардын саны жыл сайын 5-6 миңге көбөйүп жатат", — деди ал.

Кожобекова белгилегендей, акыркы 17 жылдын ичинде орус тилдүү мектептердин саны 140дан 198ге өскөн.

Ушул эле тегерек столго катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 3 жылдан бери кыргыз тилин үйрөнүп жатканын айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0