ТЭЦтеги авария: бишкектиктер жылуулук үчүн 7 күнгө акча төлөшпөйт

© SputnikОтключение отопления в Бишкеке
Отключение отопления в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир аз мурда 27-31-январь күндөрү үчүн жылуулукка төлөм алынбай турганы айтылган

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкектиктер жылуулук үчүн январдын беш жана февралдын эки күнүндө акча төлөбөйт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук энергохолдингдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бир аз мурда 27-31-январь күндөрү үчүн жылуулукка төлөм алынбай турганы айтылган.

"Эми 1-2-февраль күндөргө дагы төлөм алынбай турган болу. Ошондо бардыгы жети күн болуп калат", — дешти Улуттук энергохолдингден.

Бишкек ТЭЦинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦи кымбатка турдубу? КМШ өлкөлөрүндөгү башка ТЭЦтерге канча акча кеткен
Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен.

Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жарака кеткени белгилүү болгон.

Эске салсак, премьер-министр Сапар Исаков энергетика тармагында реформа жүргүзүү максатында жылуулук жана электр энергиясынын тарифтерин жогорулатуу керектигин айткан. Бул сунуштан кийин энергетика тармагындагы адистер тарифтерди көтөрүүнүн күңгөй-тескейин айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0