10:20 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Аида Салянованын соту

Аида Салянованын соту. Учурда эмне болуп жатат

© Sputnik / Расул Усеналиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Аида Саляновага өкүм чыкты (15)
82010

Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму өтүп жатат. Бүгүн өкүм чыгышы мүмкүн.

Былтыркы жылдын октябрь айында Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыраткан. Бирок эл өкүлүнүн 2,5 жаштагы кызы 14 жашка чыккыча жаза өтөө мөөнөтү жылган.

Депутат юстиция министри болуп турган кезде кызматынын кыянаттык менен пайдаланып (Ккылмыш жаза кодексинин 304-беренеси), издөөгө алынган Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирип берген деп айыпталууда.

Жаңы билдирүү
  • 16:15

    Митингчилер үйлөрүнө тарап кетишти

  • 15:44

    Салянова шаардык соттун чечимин даттанарын айтып, бирок андан деле көп үмүт этпей турганын билдирди.  

     

  • 15:34

    Учурда шаардык соттун алдында Аида Салянованын жактоочулары митинг өткөрүшүүдө. Алар "сотторго наалат" деп кыйкыруу менен "Сот эл алдында ачык болсун" деген транспаранттарды көтөрүп турушат. 

    Сторонники депутата Жогорку Кенеша КР Аиды Саляновой у Бишкекского городского суда
    © Sputnik / Расул Усеналиев
    Сторонники депутата Жогорку Кенеша КР Аиды Саляновой у Бишкекского городского суда
    © Sputnik / Расул Усеналиев
  • 15:30

    Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Саляновага карата өкүм чыгарып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

    Аида Салянованын архивдик сүрөтү

    Шаардык сот Аида Саляновага өкүм чыгарды

    Эл өкүлү юстиция министринин милдетин аткарып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирип берген деп айыпталууда
    Дагы
  • 11:47

    Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова шаардык соттун өкүмү болжол менен саат 14.00дөрдө чыгарын билдирди.

  • 11:46

    Салянованы соттоо үчүн сотторго акча берилиптир деп сайттарга чыккан маалымат боюнча эл өкүлү түшүндүрмө берип, бул маалыматтын чын-төгүнүн атайын кызматтар териштирүүсү керектигин белгиледи. Ошондой эле соттор дагы саясий заказды аткарып, чечимди шашылыш чыгарууга аракеттенип жатканын кошумчалады.

  • 11:22

    Аида Салянова журналисттерге козголгон кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берүүдө.

    Депутат Жогорку Кенеша КР Аида Салянова во время заседания в Бишкекском городском суде
    © Sputnik / Расул Усеналиев
    Депутат Жогорку Кенеша КР Аида Салянова во время заседания в Бишкекском городском суде
    © Sputnik / Расул Усеналиев
  • 10:29

    Салянованын сот залында отурган тарапташтары жактоочунун жарыш сөзүн бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк, айыпталуучуга акыркы сөз берилбегенине нааразы болууда.

  • 10:13
    Бүгүн ЖК депутаты, мурдагы баш прокурор, учурдагы депутат Аида Салянованын архивдик сүрөтү

    "Темир айым" атка конгон Аида Салянова тууралуу 9 факты

    Бүгүн ЖК депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын туулган күнү. Ал мындан 45 жыл мурун, тагыраагы 1972-жылы 6-августта Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген.
    Дагы
  • 10:05

    Сот имаратынын ичинде жыйырмадай милиция кызматкери жүрөт.

  • 09:57

    Аида Салянова райондук сотто дагы ушундай эле абал болгонун, жактоочуга жарыш сөздүн аягына чыгууга мүмкүнчүлүк бербегенин айтты.

    Депутат Жогорку Кенеша КР Аида Салянова во время суда в Бишкекском городском суде
    © Sputnik / Расул Усеналиев
  • 09:43

    Коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова жарыш сөзүн бүтпөгөнүн айтты.

    Сот коллегиясы кеңешүү үчүн атайын бөлмөгө кирип кетти.

    Люди в зале суда над депутатом Жогорку Кенеша КР Аиды Саляновой в Бишкекском городском суде
    © Sputnik / Расул Усеналиев
    Сотрудники милиции в зале суда над депутатом Жогорку Кенеша КР Аиды Саляновой в Бишкекском городском суде
    © Sputnik / Расул Усеналиев
    Сотрудники милиции в зале суда над депутатом Жогорку Кенеша КР Аиды Саляновой в Бишкекском городском суде
    © Sputnik / Расул Усеналиев
  • 09:42

    Сот отуруму башталды

    Сот отуруму башталды. Судья Ирина Воронцова соттун чечимине баш ийбегени үчүн Аида Салянованы залдан чыгууну талап кылды.

live
Аида Салянованын соту. Учурда эмне болуп жатат
+
Тема:
Аида Саляновага өкүм чыкты (15)

Тема боюнча

Аида Салянованын соту эртең улантылмай болду
Салянованын соту: судьялардын курамын өзгөртүү өтүнүчү колдоо тапкан жок
Сот Салянованын ишин кароону сууктан улам кийинкиге жылдыруу өтүнүчүн четке какты
ИИМ: Улан Саляновду өлтүрүүгө шектелген экинчи киши кармалды
Белгилер:
жаза, өкүм, сот, Аида Салянова, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ