Нефтетрейдерлер ассоциациясы: февралда күйүүчү май дагы кымбаттайт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүУнаага күйүүчү май куюп жаткан адам. Архив
Унаага күйүүчү май куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баалардын өсүшү январь айында да байкалган

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Февраль айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 4-6 пайызга кымбаттай турганын КРдин Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга күйүүчү майга былтыркы жылдын аягынан бери дүң баанын өсүп жатканы себеп болууда.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Электр энергиясын кымбаттатуу керекпи же жокпу? Адистердин түшүндүрмөсү
"Мисалы, быйылкы жылдын январь айында дүйнөлүк рынокто майдын баасы акыркы үч жыл ичиндеги эң жогорку чекке жетти (баррели 69 доллардан жогору). Ошондой эле Россияда өндүрүлгөн күйүүчү майларга Өзбекстан менен Казакстан тараптан суроо-талап күчөдү. Акыркы айда Россияда бензиндин дүң баасы 3-5 пайыз, дизель майыныкы жети пайызга өстү. Мындан улам Кыргызстанда февралда да орточо эсеп менен майдын баасы 4-6 пайызга кымбаттайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Баалардын өсүшү январь айында дагы байкалган. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бензин — 0,8 сомго (2 пайыз), дизель майы 2 сомго (5 пайыз) жогорулаган.

Ошондой эле нефтетрейдерлер баа саясатын жөнгө салып, кескин кымбаттоолорго жол бербөөгө аракет кылынып жатканын кошумчалашты.

Ал эми газдын баасы феврель айына карата сегиз тыйынга арзандады. Калк үчүн бир куб метри 14,34 сом, ишканалар менен бюджеттик уюмдар үчүн 17,59 сом деп аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0