Ошто акыл-эсинен айныган жаранга айдоочулук күбөлүк берилгени аныкталды

Жазылуу
Күбөлүк алган киши 2002-жылдан бери медициналык борборлордо каттоодо турган

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Ош облусунда акыл-эсинен айныган кыргызстандык жаранга айдоочулук күбөлүк берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын (БП) маалымат кызматынан кабарлашты.

Факты 2014-жылы эле аныкталган, бирок прокуратура муну 2018-жылдын 4-февралында гана жарыялады.

Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаасын каттата албай кыйналган айдоочу. МКК кызматкери жаранды убара кылдыбы
Маалыматка караганда, К.Ы. аттуу жаран мындай диагноз менен 2002-жылдын 8-октябрынан тарта Ош облустук клиникалык психиатриялык ооруканасы менен Ноокат райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда каттоодо турат.

Бирок ага карабастан 2014-жылдын 30-январында Ош облустук каттоо жана экзамен алуучу бөлүмдүн кызматкерлери "ВВ1-СС1" категориясындагы айдоочулук күбөлүк беришкен.

Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 304 (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 350-беренелери (жасалма документ даярдоо) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тилекке каршы, Кыргызстанда акыл-эси ордунда, бирок жол эрежесин уруп ойнобогон айдоочулар дагы аз эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0