Социалдык фонд: жумушсуздар дагы өзүнө пенсия чогулта алат

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча каражаттар жана калькулятор. Архив
Акча каражаттар жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда аялдар 58, эркектер 63 жаштан кийин пенсияга чыгууга укуктуу

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Туруктуу жумуш орду жок жарандар келечектеги пенсиясын топтоо үчүн Социалдык фондго белгиленген өлчөмдө салык төлөп турууга укуктуу экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган фонддон билдиришти.

"Өзүнүн туруктуу жумуш орду жок, бирок үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешеси мүмкүнчүлүк берген жарандар өлкөдөгү орточо айлык акынын сегиз пайыздан кем эмес суммасын пенсия фондусуна төлөп турса болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Социалдык фонддон жеке тараптын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн чет өлкөлүк жарандар, юридикалык тараптар дагы төлөй аларын айтышты.

Эске салсак, Кыргызстанда аялдар 58, эркектер 63 жаштан кийин пенсияга чыгууга укуктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0