БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Түндүкэлектр" ААКсынын бөлүштүрүү тармактары штаттык режимде иштеп жатканын аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-январда болгон катуу сууктан улам жарыксыз калган тургундардын электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилди.
Ал эми чыгыш жана батыш райондук электр тармактарына түшкөн арыздагы көйгөйлөр 1-февраль күнү саат 18:00гө карата толугу менен жоюлду.
26-январдын кечинде көп кабаттуу үйлөрдөгү батареялар муздап баштаганын тургундар социалдык тармактарга жазышкан. Кийин Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы белгилүү болгон. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келе баштаган. Учурда ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, кырдаал иликтене баштады.