Орозо 15-майда башталабы? Муфтияттын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт-намаз по случаю Орозо айта в Бишкеке
Айт-намаз по случаю Орозо айта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
WhatsApp тайпаларда "быйыл орозо 15-майда башталат" деген билдирүү тарап жатат

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Орозонун башталышы айдын жаңырышына карап аныкталарын муфтияттан билдиришти.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы учурда WhatsApp тайпаларда тараган "быйыл орозо 15-майда башталат" деген билдирүү туура эместигин Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Орозонун башталышына дагы үч ай бар. Андыктан күн мурунтан божомолдоп "мынчасында башталат" деп так датаны айтуу кыйын. Орозонун башталышы айдын жаңырышына карап аныкталат. Балким бул билдирүүнү таратып жаткандар мобилдик тиркемедеги атайын программаны карап алышса керек", — деди маалымат кызматынын өкүлү Максат Атабаев.

Ал ошондой эле орозонун башталышы боюнча муфтият расмий билдирүү таратарын кошумчалады.

Жыл сайын орозонун башталышы болжол менен он күн артка жылып турат.

Эске салсак, былтыр орозо 27-майда башталып, 24-июнда аяктап, 25-июнда айт намазы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0