Аида Касымалиева ТЭЦке барган депутаттар үчүн уюштурулган фуршет боюнча айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутаты Жогорку Кенеша приехали в ТЭЦ
Депутаты Жогорку Кенеша приехали в ТЭЦ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Касымалиева кимдин чай ичкендигин өз көзү менен көрбөгөндүгүн, бирок дасторкон депутаттарга жасалгандыгын тастыктады

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Социалдык тармакка ТЭЦке барып көчмө жыйын өткөргөн ЖК депутаттары фуршетке калып, чай ичкени тууралуу маалымат тарап, бул коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Sputnik Кыргызстан аталган жыйынга катышкан эл өкүлү Аида Касымалиева  менен байланышканда, ал өзү чайга калбагандыгын жана фуршет чындыгында эле депутаттарга даярдалгандыгын айтып берди.

Анын билдиргенине караганда, ТЭЦте өткөн көчмө жыйынга ЖКнын отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөлөрү жана каалаган башка дагы депутаттар барган. 

© Фото / Мирбек АйтикеевФуршет для депутатов Жогорку Кенеша
Фуршет для депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Фуршет для депутатов Жогорку Кенеша

"Жыйын кечки саат төрттөрдө аяктап, сыртка жөнөп, адашып, короо жакка кетип калыпмын. Ал тараптан фуршетти көрүп, таңгалдым. Карасам, стол бир топ эле жакшы жасалыптыр, жөнөкөй эмес. Мен баары бир журналистмин да, "Бул стол кимге? Андан көрө бул жерде иштеген адистерге бербейсиңерби" деп сурадым. Ал жерде турган формачан киши мени депутат деп ойлогон жок окшойт, "тиякка баргыла, баргыла" деп эшикти көрсөтүп койду. Кыязы, ал киши мени жөн эле журналист кыз деп ойлоду окшойт. Кийин уксам, ал депутаттарга даярдалган дасторкон дешти. Атын айтпай эле коёюн, кечээ ТЭЦтин кызматкерлери парламентте жолугуп калып, "кечээ эмне чай ичпей кеттинер" деп жатпайбы. Аларга "ушундай кыйналып жаткан учурда фуршет уюштурбай эле койбосуңарбы, туура эмес" деген пикиримди айттым", — деди депутат.

Касымалиева кимдин чай ичкендигин өз көзү менен көрбөгөндүгүн, бирок дасторкон депутаттарга жасалгандыгын тастыктады.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев - Sputnik Кыргызстан
Камчыбек Жолдошбаев маршруткада жүргөн депутаттардан уяларын айтты
"Биз — аял депутаттар Айнура Осмонова, Айсулуу Мамашова, Элвира Сурабалдиева болуп чогуу чыгып, мен андан ары жумуштарымды көздөй кеттим. Эркек депутаттар деле эшикке чыгып жатышкан. Анан кечээ социалдык тармакка "айрым депутаттар ТЭЦте чай ичиптир" деп жазышканын окудум. Алардын калып, чай ичип жатканын көргөн жокмун. Бирок фуршет депутаттарга даярдалганы анык болуп калды. Негизи эле ушундай учурда фуршет даярдап, анан чай ичүү туура эмес да", — деди депутат.

Эске салсак, 2018-жылдын 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, жылытуу кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Өкмөт эртеси көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жаракат кеткени белгилүү болгон.

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков: мен деле араң турам, баарын "жестко" кылып салгым келип жатат
30-январь күнү таңкы саат 4:40да Бишкек ТЭЦиндеги №3 блок ишке киргенин "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКнын маалымат кызматы кабарлаган. Ага ылайык, жаңы блок 150 МВт энергияны иштеп чыгып, +88 градуска чейин жылуулук берери айтылган. 29-январда системага суу толтуруу аракеттери башталган болчу. Учурда шаардыктардын көбүнүн үйүнө жылуулук берилген.

30-январда Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөлөрү ТЭЦте көчмө жыйын өткөргөн. Ал эми парламент бул маселени 31-январдагы отурумунда карап, өкмөт башчысы Сапар Исаков депутаттардын алдына келип, абал тууралуу маалымат берген. ЖК бул маселени кароону бүгүн улантат.

Жаңылыктар түрмөгү
0