"Ош" базарындагы өрт учурунда мародерчулук болгонбу

© Sputnik / Табылды КадырбековКрупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-январда, саат 09:42де "Ош" базарында өрт чыгып, 118 соода күркөсү күйүп кеткен

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. "Ош" базарында өрт чыккан учурда мародерчулук фактысы болгон жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык ИИБдин маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.

Ош базарындагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Келгиче эле 1 млн. сомдук товарым күйүп кетти... Таң эрте соодагерди өксүткөн өрт
Анын айтымында, базарда мародерлук фактысы болгон жок жана укук коргоо органдарына бул боюнча арыз түшкөн эмес.

"Ош" базарында өрт чыкканы тууралуу маалымат ӨКМге 30-январда, саат 09:48де түшкөн. Бир нече адамды Тез жардам кызматы алып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3500 чарчы метрлик аянт менен "Сейтек" кичи базарындагы 108 күркө, "Берекет гранд" базарындагы 10 соода түйүнү күйүп кеткен

Жаңылыктар түрмөгү
0