80ге толмок... Ислам Каримов бала кезинде кандай болгонун жубайы айтып берди

© Sputnik / Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүНеформальная встреча глав государств-участников СНГ
Неформальная встреча глав государств-участников СНГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын биринчи президентинин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримова жолдошу жөнүндө анын фондусунда маек куруп жатып айтып берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.

Ислам Каримов 30-январда 80 жашка толмок. Ал өлкөнү 1989-жылдан тарта башкарып, 2016-жылдын 2-сентябрында инсульттан 78 жаш курагында көз жумган. Сөөгү Самарканддагы Шахи-Зиндар тарыхый көрүстөнүндө жерге берилген. 

© Фото / фонд им. И.КаримоваӨзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов жубайы Татьяна Каримова менен
Церемония бракосочетания Ислама и Татьяны Каримовых - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов жубайы Татьяна Каримова менен

Татьяна Акбаровна президенттин бала кези согуштан кийинки заманга туш келгенин эскерди.

"Согуштан кийинки жашоо абдан оор болгон. Өзү аз камсыз үй-бүлөдө чоңойгон экен. Ислам Абдуганиевич мектепке барганда орус тилинде сүйлөй алган эмес. Бирок курч мүнөзү, аракетчилдигинин арты менен окуусун алтын медаль менен аяктаган. Анын дил баяндары окуучуларга үлгү катары окулуп турчу. Кийин анын классташтары чоң окууга өтүү үчүн анын дил баяндарын колдонуп шпаргалка жазышканын моюндашкан", — деди Каримова.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кенже кызы Лола Каримова-Тилляева жолдошу Тимур Тилляев менен - Sputnik Кыргызстан
Лола Каримова атасын сагынып жаткандыгын жазды
Ислам Каримов мектепте окуп жүргөндө эле Амир Темирдей башчы болгусу келерин айтчу экен (Орто Азиялык аскер башчы — ред.). Татьяна Акбаровна менен Ислам Абдуганиевич эки гана жолу көрүшүп баш кошушкан. Биринчи жолу үй-бүлөлөрү чогулганда таанышышкан. Кийин 8-март эл аралык аялдар күнүндө сейилдешкен.

"Биз алгачкы жолу эч кимдин катышуусу жок өзүбүзчө сейилдедик. Аба ырайы, окуу, жаратылыш жөнүндө сүйлөшүп бараттык. Бир маалда эле Ислам Абдуганиевич токтоп туруп "мага турмушка чыгасыңбы" деп сурады. Мен мындай сунушту такыр күткөн эмес болчумун да. Абалымды кантип сүрөттөөрүмдү дагы билбей турам: акылым түшүнүп баа бере электе, жүрөгүм "макул" деп туруп алды", — деди Татьяна Каримова.

Чогуу өткөргөн күндөрү тууралуу да жылуу пикирлерди айтты.

"Ынтымактуу жашадык. Үйдү өзүбүз актап, сырдап, айнектерди салганбыз. Негизинен Ислам Абдуганиевич ремонт иштерин өзү эле жасап койчу. Колунан баары келгендиктен ишти өзү жасаганды аябай жакшы көрөөр эле", — деди Каримова.

Борис Николаевич Ельцин и Аскар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Акаевдин "башына ойногон" Ельциндин кашыктары. Окуянын чоо-жайын Кулов ачыктады
Ал ошондой эле жолдошу гүл белек кылганды аябай жакшы көрөрүн айтып, президент болгонго чейин да, президент болгондон кийин дагага ар дайым гүлдесте берип турганын эскерди.

Биринчи президент куштарды абдан жакшы көрчү экен. Канаттуулар ал үчүн дүйнөнүн жана тынчтыктын символу болгон.

Өзбекстан биринчи эл башчысын акыркы сапарга кантип узатканын видеодон көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0