Эхинококкоз оорусу кайрадан кан аркылуу аныктала баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековПородистые животные в Кыргызстане
Породистые животные в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы эхинококкозду текшерүү үчүн тест-система жок болгондуктан анализдер алынбай калган

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 2018-жылга эхинококкоз оорусун алдын алууда ИФА жабдуусу боюнча анализ жүргүзүүнү баштады. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Эхинококкоз оорусу көп жылдарга чейин билинбеген дарт болгондуктан ооруну жуктуруп алгандарды тез аныктоо үчүн шарттар түзүлбөй келген. Эми ар бир жаран эхинококкоз оорусу менен оорубагандыгын ИФА жабдуусу аркылуу биле алат. Тилекке каршы, 2017-жылы эхинококкозду текшерүү үчүн тест-система жок болгондуктан анализдер алынбай калган. Ал эми 2016-жылы ИФА аппараты аркылуу 1200 адам текшерилген", — деп айтылат маалыматта.

Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер боор рагына көбүрөөк кабылат. Себеби эмнеде?
Жаңы жабдуу Айыл чарба министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнө коюлуп, "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү — 1" долбоорунун колдоосу менен 60 миң АКШ долларына алып келинген. ИФА жабдуусунун бири Ош шаарына коюлду.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 2018-жылга өздүк бюджетинен эхинококкозду аныктай турган тест системасын сатып алышкан. Ар бир тест-система топтому 100 адамга жетет.

Паразитология лабораториясынын жетекчиси Гүлнара Абдылдаеванын айтымында, ИФА жабдуунун иштеши менен бир топ эле жеңилдик болду.

"Мурда анализдерди текшерүүдө микроскоп аркылуу карап, абдан кыйналчубуз. Аппарат келип иштеп жаткандан бери эхинококкоз оорусун так аныктоого жакшы шарттар түзүлдү. Текшерилем деген каалоочулардын бардыгы бизге келсе болот", — деди ал.

Эхинококкоз — адам үчүн өтө коркунучтуу оору, аны менен ооругандан кийин майып болуп калуу коркунучу зор. Илдет негизинен боорду жана өпкөнү бузат, эхинококкоз киста түрүндө пайда болуп, ал хирургиялык жол менен гана алынат. Эхинококкоз адам баласына ит аркылуу жугат.

Жаңылыктар түрмөгү
0