Аида Салянованын соту эртең улантылмай болду

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖК депутаты Аида Салянованы архивдик сүрөтү
ЖК депутаты Аида Салянованы архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү юстиция министринин милдетин аткарып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирип берген деп айыпталууда

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту эртең, 30-январда саат 10:00дө уланмай болду.

Рассмотрение ходатайства следствия об аресте А. Улюкаева - Sputnik Кыргызстан
Ооруп калдым! Соттолуп жаткан саясатчылар эмне дартка чалдыгат
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык сотунда эл өкүлүнүн ишин кароо улантылды.

Соттун жүрүшүндө Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова бир катар өтүнүч келтирди. Анын ичинде судьялардын курамын өзгөртүү, тергөө учурундагы айрым учурларды тактоо жана сот ишинде проекторду колдонуу суранычы бар. Бирок сот ишине судьялык кылган Ирина Воронцова алардын бардыгын четке какты.

Райондук сот тарабынан соттолгон Салянова иш каралып жаткан залдын сууктугун жана жумуш күнүнүн аяктаганына байланыштуу ишти эртеңкиге жылдырууну суранды.

"Сот залы дагы суук экенин көрүп жатасыз, мен дагы жакында эле ооруканадан чыктым. Андыктан ишти эртең улантууну суранам", — деди ал.

Эл өкүлү юстиция министринин милдетин аткарып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирип берген деп айыпталууда.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту Аида Салянованын мүлкүн камакка алуу менен беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок депутаттын 2015-жылы төрөлгөн баласы 14 жашка чыкканча чечимдин мөөнөтү жылдырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0