Өкмөт: мамлекеттик мекемелер ишин кадимки тартипте жүргүзөт

© Фото / сайт ГРС КРРабота ЦОН в Бишкеке
Работа ЦОН в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чилдеге байланыштуу буга чейин өлкөдөгү мектептер төрт күнгө жана Бишкек шаарындагы бала бакчалар эки күнгө ишин токтоткон.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Катуу суук мамлекеттик мекемелердин ишин токтотууга негиз болбойт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Боюнда бар аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция кош бойлуу аял менен балдарды сууктан куткарды
Буга чейин Кыргызгидромет жана ӨКМ өлкө аймагында 25-январдан 30-январга чейин катуу суук болорун айткан. Мындан улам Билим берүү жана илим министрлиги депутаттардын демилгеси менен 26-январдан тарта Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси токтотулганын кабарлаган

Ошондой эле ызгаар суукка байланыштуу мэрия 29-30-январь күндөрү Бишкек шаарындагы бала бакчалар да иштебей турганын айтты.

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык абанын температурасы —13…-15 градусту көрсөтүүдө.

Мындан тышкары мекеме февралдан тарта күн жылый турганын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0