Муфтий никеси кыйылгандарды журналга каттатып, аны өзү көзөмөлдөйт

© Фото / пресс-служба ДУМК Муфтий Максатбек Токтомушевдин архивдик сүрөтү
Муфтий Максатбек Токтомушевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казылар менен жолугушууда бирдиктүү намаз убактысын так сактоо, имамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча маселе да каралды

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстанда никеси кыйылгандарды атайын журналга каттоо тартибин киргизүү боюнча маселени муфтий Максатбек Токтомушев өзү көзөмөлгө ала турган болду. Бул туурасында Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Праздничный Айт-намаз, посвященный Курман айт на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков диний уюмдардын каржылык булагын көзөмөлдөө керектигин айтты
Аталган маселени Токтомушев өлкө аймагындагы казылар менен жолугуп, аймактарды өнүктүрүү жылына карата муфтият жана облустук казыяттар тарабынан аткарылуучу иштер боюнча тапшырмасын берип жатканда айткан.

Никеси кыйылгандарды атайын журналга каттоодон сырткары бирдиктүү окуу программасын көзөмөлдөө, бирдиктүү намаз убактысын так сактоо, имамдардын квалификациясын жогорулатуу тууралуу тапшырмалары берилген. Андан тышкары, жашылдандыруу ишин күчөтүү жана мечиттер, социалдык объектилерди тазалоо, бак отургузууну жандандыруу иши колго алынмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0