Министр Батыралиев медицина мекемелеринин жылуулугун текшерип чыкты

Жазылуу
Учурда кызматкерлер штаттык режимде иштеп жатат

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Медицина мекемелеринде эшик-терезени ачып желдеткенден кийин +17 градус жылуу болуп жатканын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-январда, министр Талантбек Батыралиев борбор калаадагы медициналык мекемелерди кыдырып чыккан. Анда министр медицина кызматкерлери менен бирге иш алып барып жаткан жылуулук тармагынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

"Медиктер менен биргеликте саламаттык сактоо тармагындагы жылуулук системаларын көзөмөлдөп жаткан жылуулук тармагынынын кызматкерлерине рахмат", — деди Батыралиев.

Бишкектеги №1 төрөт үйү - Sputnik Кыргызстан
Суукта балдар жана төрөт үйлөрү кантти? Учурдагы абал
Маалыматка ылайык, учурда кызматкерлер штаттык режимде иштеп жатат. Өзгөчө көзөмөлгө төрөт үйлөрү менен балдар үйү алынган. Алар жылыткычтар менен камсыздалып, кызматкерлер ар бир балага өзгөчө көзөмөл жүргүзүп жатат.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу. Мунун кесепетинен шаардагы мекеме, турак жайларын жылуулук менен камсыздоо иштери үзгүлтүккө учураган. Тийиштүү органдын өкүлдөрү авария 27-январда кечки саат 22:00гө чейин жолго коюлат деп ишендиришкен.

Ал эми саат 22.00дөн кийин ТЭЦ системасы калыбына келтирилип этап-этабы менен бир сутканын ичинде үйлөрдүн бардыгына жылуулук берилерин өкмөттөн кабарлашты.

Баса, аба ырайы бүгүн да суук болот экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0