Эрте үйлөнгөн Тырсаалы же Ырыскелди Осмонкулов 50 жашта. Ырчы тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Ырыскелди Осмонкулов. Архив
Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Ырыскелди Осмонкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткарган ырлары жаш-кары дебей баарына жагып узун элдин учуна чейин таанылган ырчы Ырыскелди Осмонкулов бүгүн 50 жашка толду. Ал 12 жылдан бери өзүнүн туулган күнүндө санаалаштарын чогултуп бильярд боюнча турнир өткөрүп келет.

Ырчы төрөлгөндө айыл аксакалы үйгө жентектеп келбегенде азыр аны Тырсаалы Осмонкулов деп таанымакпыз. Атасы Улуу Ата Мекендик согушка катышып башына снайпердин огу тийген. Жеке жашоосунда эки жолу бүлө куруп, беш баланы тарбиялап өстүрүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги өнөр ээси тууралуу ушул жана башка кызыктуу фактыларды сунуштайт.

1. Эжеси шыпыргы менен сабап музыкага алып келген. Балалыгы Аламүдүн районунун Мыкан айылында чаң ызгытып ойноп жүрүп өткөн. Учурда дагы ошол атасынан калган үйдө жашап келет. 1-классты бүткөндөн Анара эжеси "талантың бар, сен музыкант болушуң керек" деп, "барбайм" дегенине карабай ыйлатып шапыргы менен сабап Фрунзедеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке алып келип окутканын айтат. Чыгармачылык чөйрөгө кадам таштаганына 30 жылга чукулдады. 1992-жылы "Инсан" тобунда ырдап чыгып эл оозуна алына баштаган. Аткарган чыгармаларынын саны 50гө жетет. Анын ичинен "Ай баратат", "Сулууга", "Ойлойсуңбу" жана "Ырыспайдын арманы" атуу ырлары узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына чейин жетип, калктын жүрөгүнөн түнөк тапкан.

© пресс-служба мэрии города БишкекЫрыскелди Осмонкулов 10 бир туугандын кичүүсү. Учурда өзү беш баланын атасы
Звезда отечественной эстрады Ырыскелди Осмонкулов - Sputnik Кыргызстан
Ырыскелди Осмонкулов 10 бир туугандын кичүүсү. Учурда өзү беш баланын атасы

2. Калый карыя болбосо аты Тырсаалы болуп калмак. Апасы Сүйүнбала — казак кызы. Таятасы бай киши болгондуктан кулакка тартылып, бул жакка качып келишкен экен. 17 жашында турмушка чыгып, 3 уул, 7 кызды жарыкка алып келген. Ырыскелди — эң кичүүсү. Аны апасы 43 жашында төрөп "Баатыр эне" наамын алган. Ошол убакта бир тууган эжелери Кымбат менен Алмажан да төрөгөн экен. "Кээде апамдын сүтү чыкпай калып, эжем Алмажандын сүтүн эмиптирмин" деп айтканы бар. Эң улуу агасынын аты Мырзабек, ортончусу Мырсаалы. Ал төрөлгөндө ата-энеси улуу агаларынын атына уйкаштырып Тырсаалы деп коёлу дешкен. Ошол убакта Калый деген айыл аксакалы баланы көргөнү келгенде атын угуп таң калып, "кыргызда мындай ысым болгон эмес! Үйүңөрдөн ырыскы кетпей, дайыма токчулук болсун" деп атын Ырыскелди коюп кеткен экен. Азыр ошол Калый аксакалга рахматын айтып жүрөт.

Кыргызстандык белгилүү ырчы, Turkvizyon сынагынын жеңүүчүсү Жийдеш Идирисованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жийдеш Идирисова 33 жашта! Отуздан кийин топ жарган ырчы тууралуу 7 факты
3. Чыгармачыл үй-бүлөдө туулган. Атасы Канимет аккордеон менен жакшы ырдачу экен. Бирок анын ырдаганын көрбөй калдым дейт. Анткени атасы 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, башынан катуу жаракат алып, ошондон кийин аккордеонду колуна алган эмес. "Түндүк Украинада душмандар менен кагылуушууда снайпердин огу башына тийген экен. Дагы жакшы, каскасы сактап, жеңил жараат алыптыр. 1943-жылы кайтып келип, 90 жаш курагында дүйнөдөн кайткан" дейт. Ал эми апасы Сүйүнбала мыкты кошокчу болгон. Өмүр бою колхоздун талаа иштеринде иштеп, 76 жашында дүйнө салган. Ыраматылык Анара, Кымбат, Тыным деген эжелери да обон созуп жүрүшчү. Эки агасы да ыр дүйнөсүнө жакын. Эжеси Алмажан Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында иштеп жүрүп пенсияга чыккан. Вера аттуу эжеси композитор, Германиянын Берлин шаарында чоң бир оркестрде скрипкачы болуп иштейт.

4. Жыл сайын өздүк майрамында бильярд боюнча турнир өткөрөт. Туулган күнүндө чыгармачыл адамдарды топтоп бильярд турнирин өткөрүүнү салтка айлантып алган. Быйыл 12-ирет спорттук турнир менен өздүк майрамын белгилеп жатат. "Жыл өткөн сайын көз караш өзгөрөт экен. Окшош өткөн туулган күндөн да тажап кеттим. Бир күнү Нурдин деген досум чыгармачыл адамдарды топтоп бильярд боюнча турнир өткөрбөйлүбү деп калды. Мага жакты. Көптөн бери көрүшпөй жүргөн достордун, алыстап кеткен туугандардын, жолукпай жүргөн санаалаштардын башы биригет экен" деп айткан өткөн жылы Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде.

© Sputnik / Айзана ОсмонкуловаЫрчы Ырыскелди жубайы Гүлзана менен
Ырчы Ырыскелди жубайы Гүлзана менен - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ырчы Ырыскелди жубайы Гүлзана менен
© Sputnik / Айзана ОсмонкуловаУлуу балдары турмуш куруп очор-бачар болуп калса, үчөө кичинекей
Улуу балдары турмуш куруп очор-бачар болуп калса, үчөө кичинекей - Sputnik Кыргызстан
2/3
Улуу балдары турмуш куруп очор-бачар болуп калса, үчөө кичинекей
© Sputnik / Айзана ОсмонкуловаОсмонкулов чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн
Осмонкулов чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн - Sputnik Кыргызстан
3/3
Осмонкулов чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн
1/3
Ырчы Ырыскелди жубайы Гүлзана менен
2/3
Улуу балдары турмуш куруп очор-бачар болуп калса, үчөө кичинекей
3/3
Осмонкулов чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн

5. 19 жашында үйлөнгөн. Жашынан эле үй-бүлө багуу деген жоопкерчиликти мойнуна алган. Райгүл аттуу кыз менен аз убакыт сүйлөшүп жүрүп 19 жашында ага үйлөнгөн. Адиль жана Айсулуу деген уул-кызы бар. Ал балдары өздөрүнүн бүлөсүн куруп бала-чакалуу болуп калышкан. Уулу Адил да атасын тартып 19 жашында үйлөнгөн. Ырыскелди биринчи жубайы экөө 23 жыл жашагандан кийин эки ача жолго түшүшкөн. Арадан бир нече убакыт өтүп Гүлзана аттуу айым менен баш кошкон. Ал КРдин эмгек сиңирген артисти Жолдошбек Эркинбаевдин кызы. Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында иштейт. Учурда түгөйлөр Айбар, Мыскал жана Айзана атуу уул-кыздарды тарбиялап жатышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековОсмонкулов: Мурда чачым түз өсчү, кийин эле тармал болуп кетти. Эл мени узун чачым менен таанып, өзүнчө имидж болуп калды. Жакшы жери — тарабай эле жүрө берем
Звезда отечественной эстрады Ырыскелди Осмонкулов - Sputnik Кыргызстан
Осмонкулов: Мурда чачым түз өсчү, кийин эле тармал болуп кетти. Эл мени узун чачым менен таанып, өзүнчө имидж болуп калды. Жакшы жери — тарабай эле жүрө берем

Памятник певцу Чубаку Сатаеву в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Уулун жоготкон, дипломаттап акча чачкан Чубак Сатаев. Талант тууралуу 9 факты
6. Узун тармал чачынын тарыхы. Атасы чачыңды чоңойгондо өстүрөсүң деп кичине чыкканда эле устара менен кырып коё берчү экен. 9-классынан кийин гана чач коё баштаган. "Чоңойгондо өстүрөм деп жүрүп, чачымды өтө узун кылып алдым окшойт. Мурда чачым түз өсчү, кийин эле тармал болуп кетти. Эл мени узун чачым менен таанып, өзүнчө имидж болуп калды. Буга кам көрүүгө көп деле эмгек талап кылынбайт. Бир жакшы жери бар, эч тарабай жүрө берем" дейт.

7. Сыйлыктары:

— 2003-жылдын аягында Эмгек сиңирген артист наамын алган;

— 2017-жылы Кыргызстандын "Даңк" ордени менен сыйланган;

— 2003-жылы Сочиде "Заманбап музыка" аталышындагы эл аралык сынакта биринчи орун жана "Элдин сүймөнчүгү" дипломуна ээ болгон.

— 2001-жылы "Ысык-Көл" эл аралык конкурсуна катышып баш байгеге коюлган "Волга" унаасын утуп алган;

— 2004-жылы Башкыртстанда өткөн "Урал моңо" сынагынан экинчи орунду багындырган;

— 2002-жылы Астанада Эл аралык "Шабыт" жаштардын чыгармачылыгы фестивалында күмүш байгеге жетишкен.

Мындан сырткары, "Евразия жылдызы" жана Ысык-Көл өткөн "Мейкин Азия" эл аралык музыка сынагында калыстык кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0