Шайтан "кылба" дебейт, "эртең жасайсың" деп өмүрүңдү алат! Ийгиликтин 7 сыры

© Sputnik / Табылды КадырбековФинал соревнований Чемпионата Кыргызстана по спортивной стрельбе из лука
Финал соревнований Чемпионата Кыргызстана по спортивной стрельбе из лука - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ыйман" фондунун жетекчиси, беш тилди үйрөнүп, АКШ, Японияда билим алган Нуржигит Кадырбеков ийгиликке жетүү тажрыйбасы менен бөлүшөт.

© Sputnik / Жоомарт УраимовРуководитель фонда "Ыйман" Нуржигит Кадырбеков
Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Руководитель фонда "Ыйман" Нуржигит Кадырбеков
Алтын медаль жашоодогу эмес, окуудагы ийгилик экендигин унутпагыла

Ар бир нерсенин өз учуру бар. Убакыт сен төрөлгөндө кошулуп берилип, өлүмгө жакындай берет. Мектептеги жылдар өткөндөн кийин, башың менен жерди урсаң да кайрылып келбейт. Бул аралыкта сен бүт өмүрүңдүн пайдубалын курууга жетишип калышың керек. Бул нерсени үйдүн пайдубалы менен салыштырууга болот. "Билбегенди билгизген, мээге сезим киргизген – бул китеп" деп бекеринен айтылбаган. Мектепти ийгиликтүү окуп, алтын медаль менен бүтүрүүнү айрымдар жашоодогу ийгилик деп түшүнүп алат. Бул такыр туура эмес. Ошол үчүн мектептеги жылдарды окууга арноо керек. Мектепти бүтпөй чет жакка иштегени кетип калсаң, акча таба аласың, бирок чоң адам боло албайсың.

Китептен өткөн акылман жок

Өмүр деген ушундай нерсе, дүйнөдө 7 миллиард адам жашаса сен анын ашып кетсе 70 миңи менен сүйлөшөсүң. Дүйнөдө ушундай чоң жер планетасы бар. Анын ашып кетсе 10дон бирин, 100дөн бирин көрөсүң. Ал эми бүт дүйнөнү тааныш үчүн китеп керек. Китептен өткөн акылман, китептен өткөн жакшы дос жок.

Сөз бул — энергетика

Жаштар дайыма жакшы тилек кылып жүрүүсү керек. Кайда жүрсөм да "Аман болоюн, ийгилик коштосун. Түз жүрөйүн, жолдон адашпайын, Кудай жардам бер" деп тилек кылып жүрсөң, өзүңө жол да, мотивация да болот. Сөз бул – энергетика.

Оомат оошот, ырыс жугушат

Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Нуржигит Кадырбековдун айылга каты. Нанга жетпей томсоргон күндөр, үнү каткан Батма эже
Айрым айылдан келген жаштар шаарга келип, орусча сүйлөп койгондо, бирөө күлүп койсо, комплекс жаралып, кээ бирлер такыр орусча сүйлөбөй калышат. Мисалы, кавказдардан үйрөнөлү, алар орусчаны акцент менен эле сүйлөйт, бирок тартынышпайт. Алар ошонусу менен башкаларга кызыктуу, ошонусу менен уникалдуу. Тилден кыйналып, бирөө күлүп койсо ошол тилде такыр сүйлөбөй калган туура эмес. Спорт менен алектенгендер деле уктап жата берсе ийгиликке жетишпейт. Ошол үчүн оомат оошот, ырыс жугушат дейт, жүрсөңөр акылдуу, билимдүү кишилер менен жүргүлө. Чөйрө бар жерде сага жетишпей жаткан нерсени бат эле үйрөнүп кетесиң.

Максатка жетүү үчүн чын жүрөктөн каалоо керек

Каалоого жетүүдө биринчи маселе убакыт эмес. Эгерде адамда "Колумдан келбейт" деген ой бар болсо, ал денедеги бардык органдарга сигнал берип, дене да "Мунун колунан эч нерсе келбейт, жүрө берсин" деп коет. Эгер адам максатына жетүүнү жан дүйнөсү менен кааласа, ал сөзсүз жетет. Ал эми ооздун учу менен айтып койгон максат эч качан ишке ашпайт. Ошондуктан, жүрөктөн чечим кабыл алып, аны ушул мүнөткө чейин бүтүрөм деп план коюш керек.

"Эртең" деген сөздү унутуш керек

Эртең болобу же болбойбу аны бир Кудай билет. Акын Жолон Мамытовдун бир ыры бар: "Эртең, эртең дейбиз, бирок эртеңдер да түгөнөт. Анын сыңары эртең эмес, мына бүгүн баштоо зарыл. "Эртең" деген бул шайтандын азгырыгы. Шайтан "кылба" дебейт экен, "эртен жасайсың" деп жүрүп өмүрүңдү өткөрүп жиберет.

Убакыт артка кайтарылбайт

Празднование национального праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Саясатка кызыкпайт, өлкөдөн кетпейт. Кыргызстандык жаштар жөнүндө 10 факты
Убакыт бул – акча деп айтылып келет. Бирок, мен бул нерсеге кошулбайм. Акчаны бүгүн сактап, эртең колдонсоң болот, убакыт бир келип, бир кетип калат. "Бир жылдын кадырын билгиң келсе окууга өтпөй калган абитуриенттен, бир айдын кадырын ара төрөп койгон аялдан, бир жуманын кадырын гезиттин редакторунан, бир күндүн кадырын милиция адашып кармап кетип, бир күн түрмөдө жаткан кишиден, бир сааттын кадырын бир саат сүйгөнүн күтүп турган жигиттен, бир мүнөттүн кадырын поездден, же учактан бир мүнөткө кеч калган жүргүнчүдөн, бир секунддун кадырын жанындагы кишини унаа коюп кеткен кишиден, ал эми 0, 001 секунддун кадырын олимпиадада экинчи келгенден сура" дейт. Ошондуктан, убакытты абдан сыйлап, үнөмдөш керек. Алгач, маанилүү жумуштарды бүтүрүп, андан соң майда-чүйдө иштерге өтүү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0