ТЭЦтеги кырсыктан улам шаардыктардын жылуулук үчүн төлөмү кайрадан эсептелет

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРабота ООО "Управляющая компания "Влад-Дом" в Первомайском районе Владивостока
Работа ООО Управляющая компания Влад-Дом в Первомайском районе Владивостока - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТЭЦтеги авария 26-январда кечинде болгон

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы ТЭЦтеги авариядан улам шаардыктардын жылуулук үчүн төлөмү кайрадан эсептелет. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн шашылыш маалымат жыйынында "Бишкекжылуулуктармактары" ААКтын директору Михаил Курганов билдирди.

Анын айтымында, жылуулук куурлары кадимки тартипте иштеп жатат.

"Бардык жумушчулар иште. Тийиштүү аракеттерди көрүп жатабыз. Жылуулук үчүн төлөм кайрадан эсептелет. Бул тууралуу кийинчерээк маалымдалат", — деди Курганов.

26-январда "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы саат 18:00дө Бишкек ТЭЦиндеги эски казан мештерге суу берүүчү жабдыктын иштен чыгышынан улам кубаттуулук 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылганын билдирген. "Электр станцияларынын" маалымат кызматы 26-январда кечинде болгон авария 27-январдын таңында да жөнгө салына электигин маалымдады.

ТЭЦтеги авариядан улам Бишкек шаарындагы абал боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0