Унаасын каттата албай кыйналган айдоочу. МКК кызматкери жаранды убара кылдыбы

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАвтоунаа. Архив
Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектик жаран Ош шаарындагы мамлекеттик нотариустун жетекчиси туура деп тапкан документти Мамкаттоо кызматынын өкүлү жасалма деп кабыл албай койгонун айткан

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ош шаарында каттоодо турган унааны сатып алган бишкектик жаран Азамат Бозоев Мамлекеттик каттоо кызматына барып жаңы мүлкүн өз наамына өткөрө албай жаткандыгын Facebook тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аны менен байланышканда, Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери Ош шаарынан жөнөтүлгөн ишеним катты жараксыз деп жатышканын билдирди.

"Мен унааны бишкектик кишиден өткөн жумада сатып алгам, өз атыма каттатайын десем машинанын документ боюнча кожоюну Ошто турат экен. Ал Ош шаарында иштеген жеке нотариустан ишеним кат даярдатып мага салып жиберген. Бирок Мамкаттоо кызматына барсам, ишеним катты жасалма деп жаратпай "бизге жаңы үлгүдөгү ишеним кат керек" дешти. Оштогу жеке нотариуска телефон чалсам "жаңы үлгүдөгү документ берүүгө тыюу салынган" деп коюшту", — деди Бозоев.

Анын айтымында, жеке нотариус менен Ош шаарынын мамлекеттик нотариусу "жаңы үлгүдөгү ишеним катты эч кимге жазбагыла" деп жогору жактан буйрук түшкөнүн билдиришкен.

Автомобильные воры - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Кыргызстандыктар Россиядан Тажикстанга унаа уурдап барып, баңгизатка алмашчу
Мындан улам Sputnik Кыргызстан редакциясы эки ишканага тең кайрылып көрдү.

Бозоевдин унаасына ишеним кат даярдап берген жеке нотариустун кызматкери Жамиля Мансурова жаңы үлгүдөгү ишеним катты берүүгө жаңы жыл алдындагы текшерүүдөн кийин тыюу салынган.

"Өткөн жылдын декабрь айында нотариаттан текшерүү келген. Ошондон кийин "жаңы үлгүдөгү ишеним каттарды бербегиле" деп тапшырма беришкен. Азамат Бозоевге ишеним катты мен өзүм даярдагам. Эски үлгүдөгү ишеним кат бланкасы жок болгондуктан, А4 форматындагы ак баракка жазып бергем. Бирок ал жерге мурдагы ишеним каттын бланкасы ар бир чекитине чейин көчүрүлдү. Ошол себептүү бул мыйзам чегинде даярдалган документ", — деди Мансурова.

Ош шаарынын мамлекеттик нотариусунун жетекчиси Рахат Зулпукарова дагы Мамлекеттик каттоо кызматы бул документти жаратпай жатканына таң калганын айтты.

Экспорт автомобилей в Йокогаме, Япония - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо: унааны өз атына каттатуунун баасы ишеним каттан арзан болот
"Азамат Бозоевдин унаасынын мурдагы ээси эски үлгүдөгү ишеним кат бериптир. Анда унаанын ээсинин укуктары биртоп чектелген. Тагыраагы, аны менен унааны колдонууга жана сатууга гана укуктуу. Ал эми жаңы үлгүдөгү ишеним катта укуктары абдан көп. Мисалы, колдонуп, сатуудан тышкары, күрөөгө коюп, камактан чыгара алат. Ошол себептен, эски ишеним катты жаңыга алмаштырып бергенибиз мыйзамга туура келбей калат. Бишкекте документти эмнеге кабыл албай жатышканын түшүнгөн жокмун", — деди Зулпукарова.

Андан соң Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Усейин Касмалиевге кайрылып, ишеним каттын сүрөттөрүн көрсөткөнүбүздө, кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, айдоочуну кабыл алууга даяр экенин билдирди.

"Сүрөттөгү документ туура даярдалган. Жаран бизге кайра келсин, шек жаратарлык нерселер болсо, тиешелүү органдарга кайрылып, маалыматты тактап алабыз. Унаа мыйзамдуу түрдө сатылган болсо, дароо жаңы ээсинин атына каттап беребиз. Айдоочу аны убара кылган кызматкерлер боюнча жетекчиликке кайрылсын. Алардын күнөөсү далилденсе, тиешелүү чара колдонулат", — деди Касмалиев.

Айтмакчы, Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы унааны каттоо менен ишеним каттын баасы теңелип, айдоочуларга кыймылдуу мүлкүн арзан баада "менчиктештирип" алууга мүмкүнчүлүк берерин айтышкан. Ал эми учурда ишеним кат 700 сомдон 1500 сомго чейин болсо, каттоого 3 миң сомдой сарпталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0