ӨКМ өрттөн сактануунун эрежелерин сунуштайт

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүӨрттөнүп жаткан турак үй. Архив
Өрттөнүп жаткан турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төмөндөгү эрежелерди сактоо менен өрттүн чыгышын алдын алууга болот

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кышында электр энергиясы, меш, отун көп колдонулгандыктан өрт чыгып кетүү кооптуулугу бар экенин эскертет.

Мындан улам ведомство кырсыкты алдын алуу үчүн коопсуздук эрежелерин сунуштады.

— Имараттын күйүүчү бөлүктөрүнүн кесилишинде (пол, дубал, шыб ж.б.), меш жана мештин морлорунун ортосунун ички бетинде 38 сантиметрлик күйбөй турган материал болушу керек;

— Үйгө меш орнотууда тийиштүү күбөлүгү бар усталарды чакыруу керек;

— Меш менен морлорду өз убагында текшерип туруу зарыл. Ар бир эки айдын ичинде жок дегенде мештин морлорун тазалап туруңуз;

— Мешти ашыкча ысытып анын жанына эмеректерди, башка күйүүчү заттарды коюуга болбойт;

— Газ менен күйүүчү мештерди колдонууда коопсуздук инструкциясына көңүл буруңуздар;

— Ашканадагы газ плиталарды, күйүп турган мештерди, электр приборлорду кароосуз калтырууга, балдарды жалгыз таштоого болбойт;

— Күйүп турган примустарды жана керогаздарды үйдүн жыгач менен капталган тумбаларына, кампаларга жана сарайларга орнотууга болбойт;

— Электр чубалгыларынын эскирген бөлүгүн өз убагында алмаштыруу;

— Колго жасалган электр коргогучтарын албастан заводдон даярдалгандарын гана колдонуңуздар;

— Электр жылыткычтарды (үтүк, мискей, плита) күйбөй турган койгучтарга орнотуу зарыл;

— Үйдүн шыбына, жер төлөгө, кампаларда жана сарайларда тамеки тартууга жол берилбейт. Ошондой эле жарык берүүгө ачык шамдарды колдонуу кооптуу. Баарынан фонарик ыңгайлуу;

— Тоңуп калган сууну, канализацияны, жылытуучу түтүктөрдү ачык от менен эмес, ысык суу менен эритүү зарыл;

— Үйдүн шыбы менен жер төлөгө күйүүчү материалдарды жана таштандыларды сактоого болбойт;

— Короонун аймагы ар дайым таза болушу керек;

— Бузук электр орнотмолорун (розетка, вилка, өчүргүч) колдонбогула;

— Колго жасалган жылытуучу электр приборлорунан баш тарткан туура.

Жаңылыктар түрмөгү
0