Instagram баракчасына эми GIF-анимациялык сүрөттөрдү жарыялоого болот

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүЛоготипы социальных сетей
Логотипы социальных сетей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
GIF форматындагы стикерлери iOS жана Android тиркемелеринин акыркы версиясында жеткиликтүү

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Instagram соцтармагы колдонуучуларды сүйүнтүп, Stories бөлүмүнө GIF-анимациялык сүрөттөрдү жүктөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берди. Бул тууралуу компаниянын расмий блогунда жарыяланды.

Instagram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Instagram жаңы функцияны ишке киргизди. Эми хештегге катталсаңыз болот
Жаңы кызматты стикерлерди тандаган бөлүмдөн колдоно аласыз. Ал жакта түрдүү категориядагы сүрөттөрдү тандоого болот. Мисалы "аксессуарлар" бөлүмүнөн кулак жана баш кийимди тандап сүрөткө жабыштырып койсоңуз болот.

Иштеп чыгуучулар жакын арада түрдүү өлчөмдөгү сүрөт, видеолорду жүктөөгө да мүмкүн болот деп колдонуучуларды ишендирүүдө.

GIF форматындагы стикерлерди iOS жана Android тиркемелеринин акыркы версиясында жеткиликтүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0