Эркектер боор рагына көбүрөөк кабылат. Себеби эмнеде?

© Sputnik / Александр Полегенько / Медиабанкка өтүүБейтап. Архив
Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча боор рагы, башкача айтканда залалдуу шишик оорусу менен 400дөй киши жабыр тартат, анын ичинен 160ын аялдар түзөт.

Аталган дарттын келип чыгышы жана анын алдын алуу боюнча Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн онкохирургу, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер Сүйүтбек Дөөлөтбеков айтып берди.

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаБишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн онкохирургу, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер Сүйүтбек Дөөлөтбеко
Врач-онколог отделения абдоминальной и общей онкологии Суйутбек Доолотбеков  - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн онкохирургу, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер Сүйүтбек Дөөлөтбеко

Аныктамасы

Боор рагы – боор клеткаларынан чыккан залалдуу шишик. Залалдуу шишик гепато-целлюлярдуу карцинома жана холангиокарцинома (өт жолдорунун шишиги) деп эки түргө бөлүнөт. Дүйнө жүзүндө гепатоцеллюлярдуу карцинома бардык залалдуу шишиктердин арасынан эркектерде бешинчи, ал эми аялдарда сегизинчи орунда турат. Боор рагы аялдарга салыштырмалуу эркектерде эки эсе көп кездешет. Бул мырзалардын ичимдикти көбүрөөк ичкени менен байланыштуу. Илдет көбүнчө 40 жаштан кийин байкалат, бирок жаштарда да кездешпей койбойт.

Себептери

Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ашказан рагын айыктырса болобу? Онкохирург оорунун себеби, алдын алуу тууралуу
Гепатиттин В жана С өнөкөт формалары убагында дарыланбаса, алкоголдук ичимдиктер, боордо ашыкча темирдин топтолушу (гемохроматоз) циррозго алып келип, боор рагына айланышы мүмкүн. Афлатоксиндер (туура эмес сакталган азык-заттарда: күрүч, буудай, арахисте пайда болот), химиялык заттар (мышьяк, радий), паразитардык оорулар (описторхоз, амебиаз) боор рагына алып келиши ыктымал.

Оорунун белгилери

Адамдын арыктоосу жана тамакка болгон табиттин жоголуусу, алсыздык, кандын азайышы, ичтин көбүүсү, ич өтүү, көңүл айлануу жана кусуу, дененин ысышы, оң кабырганын асты дүпүйүп, оорлошуп калуусу кирет. Оору күчөгөндө адамдын өңү, көздүн агы саргайып, териси кычышып, заарасы кочкул түскө өтүп, ичине сары суу толо баштайт. Бул белгилер сөзсүз түрдө боор рагына эмес, боордун башка ооруларына да тиешелүү болуп саналат.

Диагностикасы

Оорулууну сурамжылоо, акыбалын текшерүү, ультрадобуш изилдөөсү, МРТ жана компьютердик томографияны колдонуу менен диагноз коюга мүмкүн. Андан сырткары, боор шишигине тиешелүү болгон АФП анализи, лапароскопия жана шишиктин өзүнөн биопсия алып, гистологиялык изилдөө жүргүзүп, ооруну так аныктаса болот.

Оорунун стадиялары

Боор рагы 4 стадиядан турат:

Работа городской клинической больницы № 59 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Оор дартын уккан бейтап өксүп ыйлады. Хирургдун маеги
I стадия. Шишиктин чоңдугу эки сантиметрге жетпейт жана кан тамырларга жете элек болот. Бул убакта бейтапка дарт анчалык сезилбейт, адам алсыз болуп, бат чарчашы мүмкүн. Башка ооруларды текшерип жатып шишик табылып калышы ыктымал, күчөй элек кезинде дарылоонун натыйжасы жакшы болот.

II стадия. Бул стадияда шишик чоңоюп, кан тамырларга өтө баштайт. Оорулуу жумуш жасаганда кез-кезде ичинин ооруганын сезет.

III стадия. Шишик мурдагыдан да чоңоюп же көбөйөт да, боордун ири кан тамырларына өтүп, боордун астында бездер пайда болуп калат. Бул этапта да дарылоого мүмкүнчүлүк бар.

IV стадия. Бул стадия оорунун өтүшүп кеткен мезгили болот. Шишик боорду каптап, коңшу органдарга жайылып кетет. Бул учурда дарылоого мүмкүнчүлүк жок, оорулуунун өмүрүн узартууга гана аракеттер жасалат.

Оору эмнеси менен коркунучтуу

Боордун рагы билинбестен өрчүй бериши мүмкүн. Дароо байкалбагандыктан оорулуу дарыгерлерге кайрылбай жүрө берет. Андан сырткары, оорунун белгилери боордун башка ооруларына окшош болгондуктан так диагноз коюу да татаалыраак.

Дарылоо жолдору

Дарыкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гепатит деген кандай оору? Билинбей жеген дарттын себептери жана дабасы
Боордун рагын операция жолу менен айыктырууга болот. Мында боордун бөлүгү, жарымы же жарымынан көбү алынышы мүмкүн. 30-35 пайызы калса да боор таза болсо, өзүнүн кызматын аткарып кете алат. Бир жакшы жери, бул орган кайрадан калыбына келип өсүүгө жөндөмдүү. Боорду толугу менен алып салып, алмаштырууга да болот. Бирок алмаштыруу биздин өлкөдө азырынча жасалбайт, буга алгачкы кадамдар жасалып жатат. Бейтаптар боордун башка оорулары боюнча Индия, Түркия, Кытай жана Европа өлкөлөрүнө барып жасатып келе жатышат. Келечекте бизде да бул маселе чечилип, оорулууларга жардам бере аларыбызга үмүт бар.

Операциядан сырткары, химиотерапия колдонулат. Өзүнүн схемасы бар. Айрыкча боордун кан тамыры аркылуу жасалган түрү натыйжалуу болот. Оорулуунун өмүрүн узартуу үчүн шишикке түздөн-түз таасирин тийгизген дары-дармек колдонулат. Бирок бул дарыгердин кеңеши менен ишке ашышы керек.

Алдын алуу

Гепатиттин B жана C түрлөрүн өз убагында жана сапаттуу дарылоо, алкоголдук ичимдектерди ичпей сергек жашоо, азыктарды туура сактоо, жашылча-жемиштерди көп жеп, туура тамактануу дарттын алдын алууга шарт түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0