Аялдардын тырмагына колдонулган гель-лактын кандай зыян келтирери айтылды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүТырмак боем жаткан кыз. Архив
Тырмак боем жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер гелди тынымсыз пайдалануу жана тырмакты жасалма жол менен өстүрүү аны морт кылып, туура эмес өсүшүн шарттарын айтышты.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Тырмакты дайыма узартып жана гель-лакты тынымсыз колдонуп жүрүү ден соолукка терс таасирин тийгизет. РИА Новости "Российская газета" басылмасынын дерматовенерология жана косметология боюнча илимий борбордун окумуштууларына таянып жазган макаласын жарыялады. 

Адистер гелди тынымсыз пайдалануу жана тырмакты жасалма жол менен өстүрүү аны морт кылып, туура эмес өсүшүн шарттай турганын айтышты. Мындан сырткары, онихолизис дартына — тырмактардын алды саргарып, бошоп, андан сырткары, үбөлөнүп түшө башташына алып келерин билдиришти.

"Туура түшүнгүлө, гелди таптакыр эле дебейм, бирок жылына бир ай боёобой, эс алдырып, калыбына өзү келгенге мүмкүнчүлүк берүү керек", — деди аталган борбордун дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Наталья Заторская.

Ал кооптуулук химиялык заттардан эле эмес, пайдаланылган жабдуулардан улам болушу мүмкүндүгүн айтты. Дарыгер сулуулук салондору жана тырмакты алган кызматтар грибок жана башка инфекцияларды жуктуруу кооптуулугун да жаратат деген зонага кирерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0