Ызгаар сууктан улам интернет жана байланыш тармактары иштебей калуу коркунучу бар

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүКабель. Архив
Кабель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда 30 градуска чейин суук болору кабарланды

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Катуу сууктан улам Кыргызстанда интернет, телефондук байланыш, радио жана телевидениелердин иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Байланыш жана маалыматтык технология комитетинен билдиришти. 

“Ар бир региондо байланыш үчүн атайын жабдуулар орнотулган. Ызгаар суук жабдууларга таасирин тийгизбей койбойт. Мындан улам иштен чыгып калышы ыктымал”, — деп айтылат маалыматта. 

Учурда мобилдик операторлордун бири өз абоненттерине байланышуу мүмкүнчүлүгү чектелип калышы ыктымалдыгын эскертүүдө. 

Зима в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Аба ырайына байланыштуу мектептер каникулга тарайбы? Министрликтин жообу
Кыргызгидромет буга чейин шашылыш билдирүү таратып, 26-январдан 29уна чейин Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда 30 градуска чейин суук болорун кабарлаган.

Мындай ызгаар байланыш тармагына эле эмес шаардыктарды суу менен камсыздаган жабдууларга да кедергисин кийгизиши мүмкүн. “Бишкексууканал” ишканасы бишкектиктерди суусу жок калуу кооптуулугу бар экендигин эскертет. 

Суукка урунуп албоонун жолдорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынын окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0