Шашылыш билдирүү жарыяланса Бишкек — Ош каттамына билет арзандамак. Качан эми?..

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАэропорт "Толмачево" в Новосибирске
Аэропорт Толмачево в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аба ырайы өзгөрүп ӨКМ тарабынан шашылыш билдирүү жарыялаганда бир катар авиакомпаниялар Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча билеттердин баасын төмөндөтө турганы айтылган

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин шашылыш билдирүү таратып, 26-январдан 29уна чейин Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда 30 градуска чейин суук болорун кабарлады. 

Карты атып түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолундагы кар көчкү атып түшүрүлөт
Эскерте кетсек, 15-январь күнү аба ырайы өзгөрүп ӨКМ тарабынан шашылыш билдирүү жарыяланган учурда бир катар авиакомпаниялар Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча билеттердин баасын 27 пайызга төмөндөтө турганын өкмөттөн маалымдашкан. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги мындан улам билдирүү жарыяланган алдыдагы күндөрү өлкөнүн ички каттамдарына авиабилеттер арзандаар-арзандабасы боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинен түшүндүрмө алды.

"Шашылыш билдирүү жарыяланып, бирок Бишкек — Ош жолунда унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилген убакта гана авиабилеттердин баасы төмөндөтүлөт. Учурда аталган трассада чектөө жок. Анткен менен өкмөт менен келишим түзүлгөндөн тарта "Air Manas" авиакомпаниясы бир ай бою (15-январдан 15-февралга чейин — ред.) билеттердин баасын 3000 сомдон ашырбай турган болгон. Калгандары аба ырайы кескин өзгөргөн учурда 27 пайызга арзандатат", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.

Өкмөт менен түзүлгөн келишимдерге ылайык "Air Manas", "Avia Traffic Company" жана "TezJet" авиакомпанияларынын Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча билеттердин наркын 27 пайызга төмөндөтөрү тууралуу чечим кабыл алынган.

Учурда Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча билеттердин орточо баасы 2500-3500 сомдун тегеринде сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0