Балдардын жашоосун оңдоого багытталган долбоор: 90 миң долларга чейин алууга мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековНарод Кыргызстана в фото — Нарынская область
Народ Кыргызстана в фото — Нарынская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыздар 28-февралга чейин кабыл алынат

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондусу кыргызстандык жана чет элдик жаштардын дүйнө балдарынын жашоосун жакшыртууга багытталган блокчейн технологиясын колдонгон стартап-долбоорлорун кабыл алууну баштады. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта айтылат.

Стартап долбоорлорго 50 миңден 90 миң долларга чейин каражат бөлүнөт. Кыргызстандан жана башка мамлекеттерден арыздар 28-февралга чейин кабыл алынат.

Мындай демилгени ЮНИСЕФтин инновациялык фондусу демилгелеген.

"Стартаптардын бардыгы эле ийгиликтүү болуп кетет дегенден алысмын. Ошентсе да алардын айрымдары балдардын жашоосун жакшыртууга жардам берет деп ишенем", — деди ЮНИСЕФтин Инновациялык фондусунун башчысы Кристофер Фабиан.

Мама придумала, как отучить детей от смартфона — видео из Таиланда - Sputnik Кыргызстан
Таиланддык аял балдарга телефонду бербей коюунун жолун тапты
Тандалган долбоорлорго төмөндөгүдөй жардам берилет: каржылоо, техникалык колдоо, эл аралык эксперт-менторлордун жардамы, уюмдун маалымат базасына кирүүгө мүмкүнчүлүк, дүйнөдөгү үндөш демилгелер менен өнөктөштүктү орнотууга сунуштар.

Арызды тапшырар алдында долбооруңуз ЮНИСЕФтин сайтында көрсөтүлгөн талаптарга жооп берер-бербесин бир текшерип алыңыз. Андан кийин бул шилтемени басыңыз.

Кыргызстандык жаштар жөнүндө 10 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0