Бишкектин миңдеген үйү 9 млн. сомдук карыздан улам жарыксыз калды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүНовая подстанция "Анна" в Свердловской области
Новая подстанция Анна в Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бересе болгон 1287 абоненттин 398и гана карызынан кутулган

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Өз маалында төлөбөгөнү үчүн 1287 абоненттин жарыгы аралыкта туруп өчүрүлгөнүн "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.

Маалыматта электр энергиясы үчүн акча 8-январга чейин төлөнүшү керектиги айтылат. Жарыгы өчкөн абоненттердин жалпы карызы 9 миллион сомго чукулдап барат.

398 абонент карызынан кутулган. Алардын жарыгы да аралыктан туруп күйгүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0